реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo

Индиядагы ооруканада 60 наристе кычкылтектин жетишсиздигинен чарчап калды

 

Индиянын Уттар Прадеш штатындагы мамлекеттик ооруканада 2 күндүн ичинде 30 наристе чарчап калды. Алардын басымдуу бөлүгү жаңы төрөлгөн ымыркайлар болгондугун чет элдик маалымат булактары бүгүн, 12-августта жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 5 күн ичинде бул ооруканадагы 60 бала көз жумган.

Балдардын массалык түрдө чарчап калышы оорукана кычкылтек толтурулган баллондорду алып келип турган ишканага акчасын төлөбөй койгондугу менен байланыштуу экендиги жарыяланууда.

"Бирок Индия бийлиги мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын айтып чыккан. Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканада ар дайым кычкылтек толтурулган баллондор запасы менен турарын билдирген. Ал эми чарчап калган 60 баланын көбү энцефалиттен жабыркаган. Энцефалит бул жердин климатында көп кездешет", - деп жазылат маалыматта.

"Бүгүн, балдардын өлүмү 5 күндө 60ка жеткенде бул ооруканага 300 даана кычкылтек баллондору алынып келинди", - деп жазган бул боюнча Синхуа агенттиги.

Ал эми Индия бийлиги бул абал боюнча иликтөө жүргүзүлө тургандыгын, кайгылуу окуянын себептери ошондон кийин гана анык болорун кошумчалаган.



 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(2)
12.08.2017. 18:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
17-02-2017
Соӊку аракети:
23-10-2017 11:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудай сактасын.
12.08.2017. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
473
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
23-10-2017 13:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Автономный кислородный концентраторлор бар. Ошолорду алып алышса, баллондорго көз каранды болбой калат.
Бирок жаңы төрөлгөн денсоолугу жакшы ымыркай, кычкылтекке муктаж болбойт. Же алардын шарты аябай эле бийик тоолуу окшойт. Эмнеси болсо да кычкылтектин жетишсиздигинен массалык өлүм күмөндүү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
96105;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,16930222511292