Тажикстанда көп каражат сарптап шаан-шөкөттүү үлпөт той, киши каза болгондо мал сойгонго тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты. Мыйзам долбоорду президент Эмомали Рахмон парламенттин кароосуна жөнөттү. Анда элдин кызыкчылыгын коргогон бир нече жоболор киргизилген деп жазылган. Ошондой эле Орозо, Курман айтта дасторконду даярдоодо ашыкча ысырап кылууга, баланы ооруканага алып барбай, сүннөткө отургузууга да тыюу салына турганы айтылат.
Мыйзамды бузгандар мамлекеттик кызматта иштеген болсо, жумушунан алынат. Той 3 саатка созулуш керек экени жазылган. Айып пулдун өлчөмү эреже бузганына жараша 3 миң доллардан башталат.