Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында республикалык деңгээлде күрөш болуп өттү

Бүгүн, 13-августта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылында республикалык деңгээлдеги күрөш болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге жергиликтүү тургун билдирди. Анын айтымында, жылда өтчү күрөштү көрүүгө жалпы 500дөй көрүүчү жана бир нече балбандар чогулган.

"Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарымдуу өкүлүнүн колдоосу менен чоң күрөш болуп өттү. Күрөшкө Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас аймагынан жана Тажикстандан балбандар келишти. Түрдүү салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталып, алтын, күмүш, коло медалдар тагылып, акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланышты", - деп билдирди тургун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан