Бүгүн, 14-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучу Текебаев маркум Маматкеримов соттук укуктар боюнча акча алган күндө да "алган эмес" деп каралышы керек экенин айтты.
"Мага "акча бердим" деп жаткандардын баары Талант Маматкеримовго тапшырышканын айтышууда. Соттук укуктар боюнча Маматкеримов каза болуп калгандыгына байланыштуу ага акча берилсе да, алган болсо да "алган эмес", "анын алганын эч ким көргөн жок" деп каралышы керек. "Мегакомдун" директору Азат Базаркулов да бул жерде берген көрсөтмөсүндө "Текебаев бир миллион доллар алганын Маматкеримовдон уктум" деп жатат. Бирок далилдей албай турганын баса белгиледи", - деди Текебаев.
Азыркы тапта саат 14:00гө чейин түшкү тыныгуу жарыяланды. Андан соң Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөзү уланат.