super.kg logo

ТЕСТ: "Сынган кылыч" тарыхый романын окудуңуз беле? Андагы каармандар жөнүндө канчалык билериӊизди тесттен өтүп, сынап көрүңүз

 

Кылым карыта жашап, тарых барактарында жазылып калган аталардын басып өткөн жолу тууралуу канчалык деӊгээлде билимиӊиз бар? Колуна кылыч, найза кармап жоокердик жашоо өткөргөн, Кокон хандыгы тушунда өмүр кечирген баатыр элдин таржымалын, хандык талашкан эрөөл жөнүндө билесизби? Анда чыгаан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романындагы каармандарды канчалык билериӊизди сыноо үчүн тесттен өтүп көрүңүз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Кокон хандыгындагы хан ордодо таасири күчөп бараткан Алымбек датканын башын ким алган?

Баш кесер Чотон тандалма 100 жигити менен барып, коюнуна катып келген эки тарабы тең миздүү кылыч менен Алымбек датка колун жууп жаткан жеринен анын башын алган.

Кийинки суроо


Шералы хан
Чотон
Орус империясынын генералы Скобелев

Нүзүп баатыр кайсы өрөөндө туулган?

Нүзүп Эсенбай уулу 1794-жылы Аксы жергесинде туулган. Атасы Эсенбай Кокон хандыгынын саясий турмушуна аралашкан, кыргыздын кадыр-барктуу адамдарынан болгон. Нүзүп бийдин саясий ишмердүүлүгү 1816-1822-жылдарга туура келет.

Кийинки суроо


Чаткал өрөөнүндө
Аксы өрөөнүндө
Фергана өрөөнүндө

Шералы хан көтөрүлгөндө курмандык чалган Абил кандай наам алган?

Нүзүп аталык курмандык чалууда иш билгилик кылган Абилди паңсат, тагыраагы, 500 аскерге башчылык кылган жоокердик даражаны ыйгарган. Ал буга чейин жүз башылык аскердик даражаны алып жүргөн.

Кийинки суроо


Элүү башы
Миң башы
Туу башы, паңсат

Кудаярды ким хан көтөргөн?

Хан ордодогу Мусулманкул эч ким менен кеңешпей туруп, эрезеге жете элек Кудаярды хан көтөргөн.

Кийинки суроо


Мусулманкул
Шады ынак. Хандын кеңешчиси
Жаркын айым

Нүзүп аталыктын кайсы хандын жарлыгы менен башы алынган?

Нүзүп аталыктын башы Шералы хандын буйругу менен алынган. Жаркын айымдын кийлигишүүсү менен жарлыкты жокко чыгаруу боюнча хандын кийинки шашылыш буйругу аталыктын өмүрүн сактап калган эмес. Анткени аны өлтүрүүгө кеткен желдеттин артынан Абил бий жетпей калган. Ал барганда желдет ичкери бактын ичинде Нүзүп аталыктын башынын канын сарыктырып, кандын жытына мас болуп, көзү кызарып, шалдырап отурган эле.

Кийинки суроо


Кудаяр хандын
Каардуу Алим хандын
Шералы хандын

Алымбек датка Малабек хандын тушунда кайсы облусту башкарып турган?

Кокон ордосунун ханы Малабек Алымбек даткага Анжиян облусун башкарууга берген. Ал аталган вилайеттин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн билим алууга медресе курдурган.

Кийинки суроо


Фергананы
Ташкент аймагын
Анжиянды

Нүзүп аталык хандын өлүмгө буйруган жарлыгын уккандан кийин 2 рекет намаз окуп алууну өтүнгөн. Намазды кайсы жерде окуган?

Маргалаң бегинин ордосунда жайгашкан бактагы көк чөптүн үстүндө намаз окуп жатканда башы алынган.

Кийинки суроо


Маргалаң бегинин ордосунда жайгашкан бактагы көк чөптүн үстүндө
Кокон шаарындагы намазканалардын биринде
Хан ордодо, тактын жанында

Алымбек датка Кокон хандыгын башкарып турган кайсы хандан датка наамын алган?

Алымбек 27 жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. Кийинчерээк Мадали хандан "Алайдын даткасы" наамын алган.

Кийинки суроо


Шералы хандан
Мадали хандан
Мурад хандан

Шералы хан көтөрүлгөндө эмненин каны ак кийизге түшүрүлгөн?

Шералыны хан көтөрүүдө Абил жүзбашы катардагы желдеттеринин бири Ашырды мууздап, анын канын ак кийизге түшүргөн. Мындай салт менен хан көтөрүлүп жаткан адамдын зоболосу бийик экендигин көрсөтүшкөн.

Кийинки суроо


Ак боз бээнин
Жаш жоокердин
Туткунга түшкөн адамдын

Шералыны Таласта жылкы айдап жүргөн жеринен ким алып келип, Коконго хан көтөргөн?

Шералыны Таласта жылкы айдап жүргөн жеринен Нүзүп баатыр Коконго алып келип, 1842-жылы ак кийизге отургузуп хан көтөргөн.

Кийинки суроо


Бекназар баатыр
Нүзүп баатыр
Алымбек датка

Шералы ханды ким өлтүргөн?

1845-жылы Исфара вилаетинин (облусунун) беги Сатыбалды ордону басып алган. Шералы хан Сатыбалдынын козголоңчулары тарабынан өлтүрүлгөн.

Кийинки суроо


Хан ордодогу Карабек баатыр
Исфара вилаетинин беги Сатыбалды
Ордодогу кутумдар биригип, уу берип өлтүргөн

Кудаяр хан кайсы аталыктын колу-бутун сындырып, башына оор коргошун дөңгөчтү коюп өлтүрткөн?

Кудаяр хан өзүн хан кылган Мусулманкул аталыкты кутумдардын тилине кирип ырайымсыз кыйноо менен бийик секичеде, калың элдин алдында кыйнап өлтүрткөн. Аны өлтүрүүдө колун, бутун, манжа сөөктөрүн сындырышкан.

Кийинки суроо


Мусулманкул аталыкты
Алымкул аталыкты
Нүзүп аталыкты

Кокон ордосунда аталык, миң башы даражаларын кайсы хан жойгон?

Ордодо көптөн бери талаш болуп келе жаткан аталык, миң башы даражаларын Малабек хан жоюп, күчтүн баарын өз колуна топтоп хандыкты башкарган.

Кийинки суроо


Шералы хан
Малабек хан
Кудаяр хан

Кокон ордосундагы чептин канча дарбазасы болгон?

Кокон ордосунун 18 дарбазасы болгон. Ар бир дарбазанын тушуна күчтү арбын коюп, коопсуздукту сакташкан.

Кийинки суроо


Бир гана кирип чыгуучу дарбазасы болгон
Жер алдынан өтүүчү 7 дарбазасы болгон
18 дарбаза менен кирип чыгышкан

Кокон ордосунун өсүп-өнүгүшү кайсы хандын келиши менен башталган?

Нарбото бийдин тун уулу Алимди ак кийизге салдырып хан көтөргөн. Мына ошол жылдардан тарта Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен жана ички саясатынын орчундуу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек менен куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскери түзүлгөн.

Кийинки суроо


Алим хан дайындалгандан кийин
Омор хан хандыкты алгандан соң
Мадалы хан бийликке келгенден кийин

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(25)
18.08.2017. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
14-09-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ошингтон
0
Рахмат, 7-кл окуган болчум,бир сыйра саякаттап келдим.
18.08.2017. 19:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
25-11-2016
Соӊку аракети:
29-10-2017 19:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
3 суррого так жооп бере албадым,сынган кылычты 4 жолу окуган элем?
18.08.2017. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен окуган эмесмин 60балл уят
19.08.2017. 01:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
19-04-2013
Соӊку аракети:
26-08-2018 16:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitun, окубай 60 балл алып уят десен. Сен просто молодец, уят эмес
18.08.2017. 19:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
0
Мен уккамын 54 бал
18.08.2017. 21:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
152
Катталган:
13-04-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 12:37
Жынысы:
Белгисиз
0
87балл
18.08.2017. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
597
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 07:15
Жынысы:
Белгисиз
0
80
18.08.2017. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
28-09-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 08:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
80 бал болду
18.08.2017. 21:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Окуучу кезде окугам дагы бир окуп чыгыш кк экен.
18.08.2017. 21:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 18:10
Жынысы:
Белгисиз
+2
94 балл 1 ката унута элек экенмин
18.08.2017. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
04-08-2015
Соӊку аракети:
13-07-2018 18:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+3
94 дейт. Эхх кайра кайра окуй бере турган чыгарма да. Особенно азыркы учурда)
18.08.2017. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
306
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 08:37
Жынысы:
Белгисиз
0
баллды кайжерден корсотот,2суроого жооп береалбадым,канча болот ошондо?
19.08.2017. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
22-09-2018 23:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кызыл кыя
0
74
19.08.2017. 03:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-06-2014
Соӊку аракети:
27-02-2018 09:20
Жынысы:
Белгисиз
-1
100 бал алдым
19.08.2017. 03:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
07-04-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан Токмок
+2
Ушундай тесттерден коп коптон киргизип турсаныздар жакшы болмок.
Озубуздун тарыхтан Хюрремдердин кереги жок эле да )
Toktakunova22 түзөттү 2017-08-19 03:58:36
19.08.2017. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-06-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
87 бал, убакыт болсо дайым эле окуй бергим келет
19.08.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
15-04-2017
Соӊку аракети:
26-08-2018 21:17
Жынысы:
Белгисиз
0
87балл
19.08.2017. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-07-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 02:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Жакшы тарыхый чыгарма,сериал тартылса сонун болмок. Кокон хандыгындагы саясий оюндар азыр да уланып келет, каныбызда бар го.
20.08.2017. 08:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
27-07-2016
Соӊку аракети:
08-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантсе да Авлетимдик да болгондо да кырк уулдардан
20.08.2017. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 11:16
Жынысы:
Белгисиз
0
74 балл окуган эмес элем.
20.08.2017. 21:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
18-08-2013
Соӊку аракети:
07-10-2017 02:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздин баллыңыз 94 ХХХХ ))) дейт
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-08-21 09:56:17
21.08.2017. 09:56 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 12:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
popugay, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат.
02.09.2017. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
245
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
04-09-2018 15:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
0
Атам 100%жооп берди)))))
23.11.2017. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
20-09-2018 09:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
4 жолу окусам да көбүн унутуп калыпмын,Нүзүптүн,Мадамин бектин,Бекназар баатырдын өлүмүн эстесем ыйладым келет.
24.01.2018. 16:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-09-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 12:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
0
87 бал. Соонун чыгарма.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: