Кыргыздын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары жабык эшиктин артында сүйлөшүп жатышат

Бүгүн, 16-августта Кыргыз мамлекетинин премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен тар чөйрөдө жолугушууда. Ага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Өкмөт башчылары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу талкуулашмакчы.

Айта кетсек, бүгүн Өзбекстандын премьер-министри өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна катышуу үчүн Бишкекке учуп келген. Отурумда эки мамлекеттин алакасы талкууланат. Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан