Жарандык активист сот имаратынын короосунан чыгарылды. Буга "Текебаевге боштондук" деген жазууну денесине чаптап алганы себеп болду

Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүнө күбө болуу үчүн келген жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров милиция кызматкерлери тарабынан сот имаратынын короосунан чыгарылды. Буга "Текебаевге боштондук!", "Айбек Эрнис уулу эсиңе кел!" деген жазууларды денесине чаптап алганы себеп болду.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, сот имаратынын алдында митинг өткөрүүгө болбойт.

Ал эми жарандык активист "мен митинг өткөргөн жокмун. Болгону Конституциялык укугумдун негизинде өз оюмду билдирип жатам" деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
abusait
2017-08-16 14:58:19
Боштондук!!!
+3
shankol88
2017-08-16 15:05:22
Боштондук...
+2
fora
2017-08-16 15:13:30
Боштондук
+2
nurbek11
2017-08-16 15:16:06
Боштондууууук
+2
asad9
2017-08-16 15:18:21
кайдагы боштондук соттолсун
0
Cekech
2017-08-16 15:24:11
Ууру, марадерлор без суда и следствия камалыш керек,эн туура деп айтам, жашасын Атамбаев!
-9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан