Орусиянын Эл артисти Вера Глаголева 62 жашында дүйнө салды

Орусиянын Эл артисти Вера Глаголева 62 жашында дүйнө салды. Актрисанын эмне себептен каза болгону жөнүндө маалымат айтыла элек. Бул тууралуу 16-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Вера Глаголева 1956-жылы Москва шаарында туулган. Биринчи жолу режиссёр Родион Нахапетовдун "Аалам чегине" тасмасына тартылган. Кийин Нахапетовго турмушка чыгып күйөөсүнүн "Душмандар", "Ак кууларды атпагыла", "Сен жөнүндө", "Из менен барган", "Жаңы үйлөнгөндөр үчүн кол чатыр" тасмаларына тартылган.

1990-жылы өзүн режиссёр катары сынап "Сынган жарык" тасмасын тартып, ошол эле тасмада баш каармандын ролун аткарган. Андан кийин "Буюртма", "Шайтан алгыр дөңгөлөк", "Бир согуш" фильмдерин тарткан.

2011-жылы Глаголевага Орусиянын Эл артисти наамы ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIZAD
2017-08-16 20:20:59
Ии байкуш, арты кайрылуу болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан