Кытайлык Lenovo Group холдингине таандык Motorola Mobility компаниясы өзү калыбына келчү смартфон экрандарына патент алганын SlashGear америкалык интернет-порталы жарыялаган.
Бул идеяны ишке ашыруу үчүн ойлоп табуучулар тунук пластикти же айнек сыяктуу полимерди колдонушкан. Басылманын маалыматы боюнча экрандын сыныгын смартфон өзү аныктайт. Андан соң систем смартфондун ээсине экранды калыбына келтирүүнү сунуштайт. Мындан кийин девайс жылуулук чыгарат, химиялык жана физикалык реакциянын жардамы менен оңдоо иштерин жүргүзөт. Ошол эле маалда смартфон ээси оңдоого мажбур болгон жерди белгилей алат.
Тилекке каршы, бул технология чоң сыныктарды оңдой албайт. Motorola систем "айрым кемтиктерди" гана оңдой аларын белгилеген. Эгер экран толугу менен талкаланса, функция бул көйгөйдү чече албайт.