Америкада 3 кыргыз студенти полиция тарабынан кармалды

АКШда 3 кыргыз жараны "визасы аяктап, легалсыз иштеп жүргөн" деп айыпталып полиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирет. Массачусетс штатынын Хаянис шаарында жашап келген (сүрөттөгү үйдө кыргыз жигиттери баш калкалап келген) кыргыз студенттерин 16-майда миграция жана бажы боюнча полиция кызматкерлери кармап алган. Маалыматтар боюнча, 16-майда кармалган. Азыркы учурда 3 жаранга бирден жактоочу дайындалып, укуктары корголуп жатат. Кыргызстандыктар кармалган балдарды бошотуу үчүн өз жардамдарын көрсөтүүдө. Маалыматтарга ылайык, кармалган кыргызстандык студенттердин биринин ата-энеси баласы тууралуу толук маалымат алыш үчүн “Замандаш” ассоциациясына кайрылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан