Американын Мэриленд штатынын жашоочулары Майк Хизер менен Мартин Хизер жарым жыл бою балдарын кыйнап, шылдыңдаган видеолорун интернетке жүктөп келишкен. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, бул түгөйлөр балдарына карата катаал мамиле жасаган деп күнөөлөнүп, 12 жаштагы Эмми жана 9 жаштагы уулу Кодини камкордукка алуу укугунан ажыратылган. Мындан тышкары 5 жылга эркинен ажыратылып, 5 миң доллар өлчөмүндөгү айып салынышы мүмкүн экендигин The Independent сайты жарыялаган.
Видеого көбүнчө Коди тартылып, атасы менен өгөй апасынын сөгүп, жемелеген, түртүп жыгылтып, кемсинтип, мурдуна урган кездери интернетке жүктөлгөн. Соттун чечими менен балдар өзүнүн төрөгөн энесине берилген.
Майк Хизер менен Мартин Хизердин өздөрүнүн дагы 3 баласы бар. Май айында аларды балдарды камкордукка алуу укугунан ажыраткандан кийин түгөйлөр видеокайрылуу жасашып, балдар видеого өз каалоолору менен тартылгандыгын, аларга зыян келтирбегендигин айтышкан.
Жубайлардын балдарга карата каардуу мамилеси жөнүндөгү видеолор 10 миңдеген көрүүчүлөрдү топтоп, алардын каналына 750 колдонуучу катталган. Мындан жубайлар ай сайын 20-30 миң доллар каражат таап турушкан. Күнөөлөнүп жаткан ата-эне бул аракеттеринен табылган акча каражаты кайрадан эле балдардын жакшы жашоосу үчүн жумшалып жатканын айтып беришкен.