Индияда суу ташкынынан 100, Непалда 111, Бангладеште 57 адам каза болгону маалымдалууда

Индиянын чыгышындагы Бахир штатындагы суу ташкынынан жабыркагандардын саны 202ге жетти. Бул тууралуу India Today басылмасы жазып чыкты.

Телеканалдын маалыматы боюнча Арария аймагында 42 адам каза болгон. Куткаруу иштерине бардыгы 1152 куткаруучудан турган 28 топ катышууда.

Индиянын түндүгүнө, Непалга жана Бангладешке өткөн жуманын аягында катуу жаан жааган. Индияда эле акыркы күндөрү суу ташкынынан 100 адам, ал эми Непалда 111, Бангладеште 57 адам каза болгону маалымдалган.

Индияда суу ташкыны эң кооптуу жаратылыш кырсыгы болуп эсептелет. Себеби ал жакта суу ташкынынан каза болгондор көп. Январь айында эле өлкөнүн метеорологиялык департаменти 2016-жылы 1,6 миңдей адам жаратылыш кырсыктарынан каза болгонун маалымдаган. Анын 700дөйү апрель-июнь айларындагы ысык аба ырайынан каза болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан