Кыргыз жергесинде ГЭСтерди кура турган чехиялык компания 37 миллион долларды төлөп бере элек

Кыргыз жергесинде ГЭСтерди кура турган чехиялык "Liglass Trading" компаниясы 37 миллион долларды төлөп бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта журналисттер менен жолугушууда SUPER.KG порталынын суроосуна премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жооп берди.

Анын айтымында, бул акчаны төлөөгө дагы убакыт бар.

Эске салсак, ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюлган эле. Ага ылайык, чехиялык компания 30 банктык күн (болжол менен 50 календарлык күн) ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек.

24-июлда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында “Чехиялык компания августтун аягына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, Кыргыз мамлекети башка инвестор табат” деп айткан.

Компаниянын жетекчиси Михал Смелик Кыргыз мамлекети алар үчүн чоң кызыгуу туудурганын айтып, келишимдин бардык шарттарын аткара турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан