Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда көчөгө кир жаюуга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, буга сентябрь айында Ашхабадда өтө турган Азия оюндары себеп болгон. 16-августта Ашхабаддын эки кичи районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү батирлерди кыдырып, 17-августтан Азия оюндары аяктаганга чейин балкондорго кир жаюуга тыюу салынарын эскертишкен. Бирок жашоочулар тыюу тууралуу расмий документтер көрсөтүлбөгөнүн айтышкан. Андан тышкары эреже бузгандарга 400 манат өлчөмүндөгү (болжол менен 8 миң сом) айып пул салынарын айтышкан.
Айта кетсек, Түркмөнстан учурда өлкө тарыхындагы эң ири эл аралык спорттук иш-чарага даярдык көрүүдө. Ашхабадда "Азиада-2017" оюндары 17-27-сентябрь күндөрү өтөт.