Бүгүн, 22-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Башкы прокуратуранын оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын үстүнөн берилген арызы каралууда. Отурумдун жүрүшүндө сотко кайрылууга эмне себеп болгону белгилүү болду.
Башкы прокуратуранын өкүлүнүн айтымында, 2016-жылы 29-сентябрда Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалынын түз эфиринде Абдылда Капаров аттуу жаран (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы - ред.) Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айткан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура телеканалды жабуу суранычы менен сотко кайрылууда.
Айта кетсек, Абдылда Капаров 2017-жылдын 25-мартында камакка алынган. Ага укук коргоо органдарына жалган көрсөтмө берген, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн деп айып тагылган болчу. 21-июнь күнү ал Ош облустук сотунун чечими менен 4 жылга эркинен ажыратылган.
Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдор (Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков) 2010-жылы Ош окуясын жөнгө салууга бөлүнгөн акчаларды мыйзамсыз пайдалангандыгын айтып сындап келген. Ошондой эле ал Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов камакка алынганда Ош шаарында эл чогултуп нааразычылык акцияларын уюштуруп, Ош облусундагы Ө.Текебаев жана Д.Чотоновду коргоо комитетинин төрагасы болгон.