Казакстандын Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көк бөрү боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз улакчылары Түркия курамасын 13:3 эсеби менен жеңди.
Оюндун 1-бөлүгүндө Кыргыз улакчылар 7:2 эсебинде жеңишке жетип, тыныгууга кеткен.
2-бөлүктө кыргыз тарап 6 улак таштаса, түрк тарап 1 улак менен жооп кайтарган.
Эртең, 24-августта кыргыздар тажик оюнчулары менен беттешет.
Көк бөрү оюну боюнча финал 27-августка белгиленген.
Эске салсак, кечээ, 22-августта Кыргыз оюнчулары өзбек улакчыларын 11:2 эсебинде жеңген. Ал эми мелдештин алгачкы күнү, 21-августта Монголия курамасы менен беттешип 4:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
Маалымдай кетсек, аталган мелдеш "EXPO-2017" көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жатат. Анда жалпы 12 курама команда катышып 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен беттешет.