Ушул жылдын июль айынын башында Чеченстандын мамлекет башчысы Рамзан Кадыров ажырашкан жубайларды элдештирүү тапшырмасын берген. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, өлкө башчысынын айтканын ишке ашырууга атайын түзүлгөн комиссия жана дин кызматкерлери тартылган.
Грозный шаарынын үй-бүлөлүк мамилелерди турукташтыруу штабынын катчысы Расул Успанов ажырашып кеткен жубайлардын кайра жарашууга аз да болсо көңүлү болсо, элдештирүү үчүн ата-энелерди да аралаштырышарын айткан.
"Кээ бир учурда ак сакалдардын кеңешин угууга туура келет. Мындай аракеттердин натыйжасында аялы ажырашкандан кийин башкага үйлөнүп алган күйөөсүнө кайтып, экинчи аял болуп жашап калгандар да бар", - деген Успанов.
21-август күнү жергиликтүү телеканалдардын бири ажырашкан 948 үй-бүлө кайра элдешкенин жарыялады. Жаңылыктарда Чечен мамлекетинин диний байланыштар жана коомдук уюмдар департаментинин директору Рустам Абазов өлкө башчысы берген тапшырма так экенин жана аны аткарууда эч кандай маселелер, кыйынчылыктар жаралбагандыгын айткан. Мындан сырткары ал мындай программа дүйнө жүзүндө бир да мамлекетте жок экенин белгилеген.
Маалыматта айтылгандай, кээ бир аялдар мурунку күйөөсүнө балдарым атасы менен чогуу болсун деген ойдо гана кайтып жатышат. Жергиликтүү жашоочулардын арасында бул тапшырманы сындагандар да бар.
Грозный шаарынын Барият аттуу жашоочусу: "Менин ажырашканыма 12 жыл болду, мага азырынча комиссия кайрыла элек, эгерде кайрылса мен элдешүүдөн кескин түрдө баш тартам. Анткени бул адамдардын укугун кордогондукка жатат", - деген оюн айткан.