Флойд Мейвезер жана Конор Макгрегор беттешинде жеңүүчү 3360 бриллиант менен жасалган кур тагынат

Бокс боюнча Бүткүл дүйнөлүк кеңеш Флойд Мейвезер жана Конор Макгрегордун беттешинин жеңүүчүсүнө тагыла турган курду тартуулады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жеңүүчү тагына турган кур аллигатордун терисинен жасалып, ага 1,5 килограмм алтын коротулуп, 3360 бриллиант, 600 сапфир жана 300 изумруд менен атайын жасалган.

Бокс чемпиону менен UFC уюмунун чемпиону ортосундагы беттеш 26-августта Лас-Вегас шаарында орун алат.

Эскерте кетсек, Конор Макгрегор буга чейин бокс боюнча бир дагы беттеш өткөргөн эмес. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган. UFC'нин эрежеси боюнча бут, чыканак жана тизе менен урууга болот. Макгрегор эрежесиз урушта 24 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетип, үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

Ал эми Флойд Мейвезер 2015-жылы спорттук карьерасын токтоткон. Ал жалпы 49 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Мейвезер бокс боюнча 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган.

Эске салсак, эки чемпиондун беттеши Лас-Вегас шаарында 26-августта орун алат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, оюндан 600 миллион доллардай киреше түшөрү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zzz---zzz
2017-08-24 16:32:58
Эмне учун курда Кыргызстандын туусунун суроту жок
+9
azim14
2017-08-24 16:37:07
zzz---zzz,кыргызстандыкы турат го WBC деген жазуунун устундо
-2
nurbegim_88
2017-08-24 17:01:42
azim14,ал Тунис Республикасынын желеги
0
PROS
2017-08-25 09:29:07
zzz---zzz,кыргыз желеги саат жебеси боюнча "4"тө турат, ички радиуста. Түндүк корея жана Кыргыз желеги жанаша турат.
0
Abdullatif
2017-08-24 16:45:29
Мен да коро алган жокмун.
-2
Sancho01
2017-08-24 16:46:42
Кур канча доллор болду экен баасы???
0
Shekeev969798
2017-08-24 17:15:43
Мына биздин бийликти эчким тоготпойт ошон учун жок желегибиз
+1
JrDosSantos
2017-08-24 17:30:06
Биздин желек мейвезер деген жазуунун акырында турат.
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-08-27 11:57:58
JrDosSantos,ал биздики эмес. Эки жагында сары неме жүрөт анда.
+1
topi
2017-08-24 18:16:34
Турат тунис менен туркия жанаша турат
-1
Shapak1979
2017-08-24 18:31:21
Көчүрүп алып чоңойтуп алып да карадым жок экен. Бизден да кичине өлкөлөр жүрөт (((
0
Isco22
2017-08-24 21:50:49
Shapak1979,maywather дегендин аягында турат го ортологу сарысы жакшы окшобой калыптыр,же ошондой мамоекет барьы ортосу сары
0
Atas
2017-08-24 18:33:46
Bizdin olkobuz balkim UFC ga mucho emestir oshonu uchunu joktur
-4
Isco22
2017-08-24 21:49:41
Atas,не кыргызстан озунчо планетада бекен же мировой спорттук чемпионаттарга мучо болуп анан катышабы
+1
zhigitaly
2017-08-24 22:37:25
Биздин туу жок бул жерде силер көргөн туунун үстүндө кара полоса турат үч жылдызы менен
0
Muslim1990
2017-08-24 22:45:09
Биздин желек жок экен.
-1
terabait
2017-08-24 23:09:40
чырактарым капа болбогулачы кайсыл жерде болсок деле капа боло берет экенбизда эми ушул мейбезер менен макрегордун таймаш курунда жок экенбиз деп өзүбүгө негативдерди толтурбайлы мейличи эми
+1
shankol88
2017-08-25 01:32:08
Биздин туунун сүрөтү арт жагында болсо керекда....
+5
keneshtik
2017-08-25 10:32:18
биздин желек жок экен жакындатыпта таппай койдум
+3
asyl85
2017-08-25 18:05:54
биздин желекке коп алтын кетет окшойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан