Көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу: финалда Кыргыз курама командасы Казакстан курамасы менен беттешет

Көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугунун 27-августта өтө турган финалдык беттеште Кыргыз курама командасы Казакстандын улакчылары менен ойнойт.

Бүгүн, 24-августта Улуттук курама 4-турдун алкагында тажик оюнчулары менен кез келип, 15:2 эсебинде жеңип алган. Бул жеңиш менен кыргыздар мелдештин жүрүшүндө 4 беттеште жеңишке жетип, 12 упай топтогон соң мөөнөтүнөн мурда финалга ойногонго мүмкүнчүлүк алган.

“B” тайпасында Казакстандын курамасы эң көп упай топтоп жеңүүчү болду. Бүгүн казактар менен кытайлар беттешип, жеңиш 15:4 эсебинде казактарга буюрду.

Мындан улам 27-августта Астана шаарынын “Казанат” ат майданында орун алчу финалда кыргыздар менен казактар беттешип, биринчилик үчүн таймашат. Ал эми коло медалдар үчүн ким ойной турганы эртең, 25-августта өтчү оюндун жыйынтыгы менен чечилмекчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (56)
kechirmeni
2017-08-24 23:01:37
Кудайым колдоп биздикилер жеңсе экен. Оюн баштала электе эле чыр чыгарып башташты эле эми таза жеңиш менен утпаса дагы көп нерселерди кутсо болот казактардан. Андыктан жигиттер кучунорду сактап чымырканып казактарды утушунарга биз тилектешпиз
+7
terabait
2017-08-24 23:12:57
Буйруса жениш КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗ тарабында себеби оюнду көрсөнөр байкалат андан көрө алдын ала куттукташа берсек болот туугандар ОЮНЧУЛАР СИЛЕРГЕ ИЙГИЛИК
+6
erjigit-e.15
2017-08-24 23:21:58
Казактарды оной корбогуло аларга калыстар да кошулат.
+7
Esenali
2017-08-24 23:47:40
Эль классико корот экенбизда алга Кыргызстан
0
alhamdu
2017-08-24 23:53:39
Ооматтынар онунан келсин! Жигиттер биз силер менен! Алага жигиттер! Алга! Дагы бир жолу алгааа!!!
+4
bosmos77777
2017-08-25 01:07:19
Алга Кыргыз! Манас атабыз колдосун!!! Камбар ата пири колдосун!!!

Кыргызга намыс керек!!! Жылкыларды жана Озунорду этият кылыныздар!!! Казак тууган жениш учун ар кандай эреже ойлоп тапканга аракет жасаптыр.Жамандык кыла корбосун!!!
-4
langar
2017-08-25 01:08:12
Жакшы
0
sonisoni
2017-08-25 01:16:58
Аллахтан тилейли туугандар жигиттерибиз жениш менен кайтышсын!Комментарийлерди окуп женгендей кубанып жатам.Журогум сезип жатат жениш силер менен Кыргызымдын Эр Журок жигиттери!!!Алга Азаматтар!!!!
+2
Lion.
2017-08-25 04:53:44
Кыргызстан алга!!! Биз сени менен!!
+1
souza.j
2017-08-25 08:06:44
Судикелер чечип койбосо эле. Казахилер ута албайт
0
salamat93
2017-08-25 09:03:00
алга кыргызстан алга манастын урпактары.
0
keneshtik
2017-08-25 10:34:38
Кыргыз жигиттери кучтуу намыстуу экенин далилдегиле жигиттер
0
legion-arbat
2017-08-25 14:28:04
Тай казан жок бир кызыктай болуп калат экен.Тай казан жок казактар кучтуу болуп кетишида мумкун алар коп даярдандыда.
0
mamaev.kurat
2017-08-25 18:48:36
калыстарга ынсаб берсин эми
0
alhamdu
2017-08-25 23:19:31
Толкун болот,дениздин кучтуу жери!Толкундай бол,Кыргызымдын жигиттери!Токсон тогуз онордун ээси бол деп,Тоолук эне торогон сени,мени деген сынары.Тенир жалгап,Жигиттин пири Шаймерден колдоп,Ийгилик коштоп,Баш байгени багындырып,Олжолуу кайтышынарды кутобуз.Коенду камыш,Жигитти намыс олтурот дегендей. Намысты акчага алмаштырбай,Казак кок боручулордун катыгын колун берип койгула. Атына озун жарашкан,Мингенин кулук,Кок тору.Кыргыздын синген канына,Жигиттик оюн кок бору.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан