Жакында эле Стамбулда үлпөт тоюн берип, бал айын Мальдив аралдарында өткөргөн түрктөрдүн жылдыздуу түгөйлөрү Бурак Өзчивит менен Фахрие Эвжен учурда экинчи бал айын өткөрүшүүдө. Съёмкалардан тыныгуу алып, саякатка убакыт бөлгөн жубайлар бул ирет Кубада эс алууну чечишкен. Бирок экөө тең адаттагыдай эле социалдык тармактагы баракчаларына чогуу түшкөн сүрөттөрүн жарыялабастан, өз-өзүнчө турган сүрөттөрдү киргизишүүдө. Ошентсе да бир фондо тартылган фотолорду байкаган күйөрмандары алардын чогуу эс алып жүрүшкөнүн баамдап, "Туура кыласыңар, бакыт тынчтыкты сүйөт" деген тариздеги билдирүүлөрдү калтырышып, аларга бакыт каалашууда.
Эске салсак, буга чейин араб жеке ишкери атактуу түгөйлөргө эгер бал айын Дубайда өткөрсө, бардык чыгымды өз моюнуна алып, андан сырткары 2 миллион доллар берерин айткан. Бирок Фахрие бал айын Мальдив аралдарында өткөрүүнү кыялдангандыктан ишкердин сунушу четке кагылган жана актрисанын каалоосу орундалып, түгөйлөр бал айын Мальдив аралдарында өткөрүшкөн.