Бүгүн, 27-августта Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Ош мамлекеттик социалдык университетинин жанындагы таштанды челектен башы кесилген аялдын денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков маалымдады.
"Аялдын денесин бүгүн саат 10:30 чамасында "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таштанды жыйнап жүрүп көрүп калышкан. Таштанды челекке 40-50 жаштардагы аял кишинин башы кесилген денесин таштап кетишиптир. Бир бутунун тизеден ылдый тарабын да кесүүгө аракеттенген, издери байкалган. Учурда адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, опер кызматкерлер кылмыштын бетин ачууга аракеттерди жасап баштады", - деди Сыдыков.
Ош шаардык милициясынан бул окуя боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.