Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылында 10 жаштагы баланы аты сүйрөп кетип, каза болду. Бул туурасында бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Мирлан Калмаматов билдирди.
"25-августта 10 жаштагы бала апасы экөө тоого отун тергени чыгышыптыр. Алар отун терип жүргөндө жаш бала минип жүргөн ат үркүп, чуркап жөнөгөндө анын бир буту үзөңгүгө илинип калыптыр. Тоо жактан үрккөн атты эч ким тосуп кармай албай, айылдын жанындагы сарайга келгенде гана кармашкан. Бир чакырымдай атка сүйрөлгөн баланын колу, башы үзүлүп кетиптир. Кийин айылдаштары барып анын чачылган дене мүчөлөрүн таап чогултуп жерге беришти", - деди Калмаматов.
Ошондой эле айыл башчынын айтымында, 10 жаштагы М.Э. үй-бүлөнүн эң улуу баласы болгон жана быйыл сентябрда 3-класска бармак.