Кечээ, 28-августта Акбалык Жумалиева аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына Анкарада эс тутумун жоготкон аял тууралуу маалымат жазган. Анда ал "бул аялды тааныгандар барбы? Сүрөттөрдү мурда Кыргыз жеринде иштеп кетишкен түрк кесиптештер жөнөтүштү. Айтымдарында, ал аял Анкарада көчөдө жүрөт, атын да айта албайт", - деп жазат баракчасына.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда, Анкарада жүргөн аялдын атасымын деген жаран байланышка чыкканын айтышты.
"Биз интернетке тараган аялдын сүрөтүн Түркиядагы элчиликке жөнөттүк. Алар издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бизге "сүрөттөгү аялдын атасымын" деген жаран байланышка чыкты. Анын айтымында, кызы июнь айында Түркияга кеткен. Азыркы тапта бардык маалыматтар такталууда", - деп билдиришти министрликтен.