ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Алайда майда болгон жер титирөөдөн жабыркагандар мамлекеттен насыя күтүшүүдө

Ош облусунун Чоң-Алай районунда быйыл май айында болгон жер титирөөдөн улам үйсүз калган тургундар мамлекеттен насыя күтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына окурман билдирди.

"Чоң-Алай районунун жер титирөөдөн жабыркаган айылдарына Мамлекеттик ипотекалык компания насыя берет дешти эле. Бирок бүгүнкү күнгө чейин дайын жок. Азыр элдер пайдубалын куюп, курулуш материалдарын алыша элек. Райондун климаттык шартын эске алып, насыяны эртелеп берсе жакшы болот эле. Октябрга чейин үйдүн дубалын тургузуп, чатырын жаап албаса суук түшүп, курулуш иштери токтоп калат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан