Бүгүн, 31-августта Кыргыздын Эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан XI эл аралык айтыштын финалы өтүп жатат.
Бүгүн финалда 8 акын өзүнүн акындык дараметтерин сынашууда. Айтышты Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын "Эл шайырлар" тобу өзүлөрүнүн театрлаштырылган номери менен ачып беришти. Финалда биринчилерден болуп чыккан Болот Назаров менен Мухтар Ниязов караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан чыныгы төкмө акын экенин далилдешти.
Экинчи жуп болуп чыккан Сара Токтомушева менен Идирис Айтбаевдин айтышынан кийин кыргыз акыны Идирис Айтбаевге коюлган бааларга нааразы болгон элдин үндөрү бир нече мүнөт токтобой турду.
Акындарды алдыга сүрөп, колдоп-коштоп, алакан чаап отурган элдин маанайы көтөрүӊкү.