SUPER.KG'нин “Элдик видео” бөлүмүнө “Немец 31 кружка сыра көтөрүп рекорд койду” деген аталыштагы видео жүктөлгөн. (Ник: sezim_akjol)
Видеодо германиялык тейлөөчү Оливер Штрумпфель Абенсберг шаарындагы сыра жарманкесинде колуна 1 литрлик кружканын 31 даанасына (70 килограмм) сыра куюп көтөрүп, 40 метрлик аралыкка басып барган. Бирок ал учурда 1 кружкадагы сырасы төгүлүп, бирөө сынып калгандыктан 29 кружкасы гана эсепке алынган.
Маалым болгондой, тейлөөчү бул рекордду жаратуу үчүн ушул жылдын февраль айынан тарта машыга баштаган. Ал 2014-жылы колуна 25 кружка сыра көтөрүп "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Мындан улам бул рекордун жаңылоо максатында 30 кружка көтөрүүнү каалаганын айткан. Бирок 29у гана эсепке алынгандыктан кийинки жылы сөзсүз түрдө 30 кружка көтөрүүнү пландап жатканын билдирген.
Белгилей кетсек, Германияда сыра жарманкеси жыл сайын өтүп, ага 6 миллиондон ашуун адам күбө болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.