Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 5-сентябрда президент катары Кыргыз Республикасына биринчи мамлекеттик иш сапары менен келди. Өзбек башчысын жубайы Зироатхон Хошимова коштоп келди.
Кыргыз интернет колдонуучулары ханайымдын сулуулугуна, келбетине суктанып, биринчи айым учактан түшөрү менен талкуу чордонунда болду. Мирзийоевдин жубайы эл көзүнө көп чыга бербейт. Анын сүрөттөрүн интернеттен табууга дээрлик мүмкүн эмес.
Зироатхон Хошимованын биринчи айым катары дебюттук сапары 2017-жылы май айында Кытайга болгон. Учактан түшүп келе жатканда катуу шамал Өзбек ханайымынын жүзүн жаап калганына карабай видеокамералар анын сулуулугун тартып алганга жетишкенин Кытай басылмалары жазышкан. Чачын түздөп күлүп турган Зироатхон Хошимовага көпчүлүк суктанганын жашырган эмес.
Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон (Ойхон) Хошимова Кокон шаарында туулган. Ташкенттеги инженерлер ирригациясы жана айыл чарба механизациясы институтунда окуп жүргөндө болочок жолдошу менен таанышкан. Ал мезгилде Шавкат Мирзийоев институтта иштеп жаткан. Жубайлардын Саида жана Шахноза аттуу кыздары, Алишер (айрым маалыматтар боюнча Даврон) аттуу уулу бар.