super.kg logo

Самара Каримова: "Наам кызматтык орун эмес, андан баш тартпайм"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG'нин түз эфиринде жакында эле "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган ырчы Самара Каримованын маеги башталат. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары жөнүндө кызыктырган суроолоруңузду узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

10:00 Самара Каримованын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы алып баруучулар даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.

10:10 Самара Каримова жакында эле баш тарткан "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчилиги кызматы тууралуу айтып берүүдө. "Мен иштесем иштеп кетмекмин, менден жакшы жетекчи чыкмак. Бирок жетекчи болом деген да өзүм, баш тарткан да өзүм. Андыктан капачылык жок", - деди ал.

10:12 Суроо: "Эмгек сиңирген артист" сыйлыгын бийликтеги таасирдүү тааныштар менен алды дешет?

"Таанышым жок, талантымдын артынан жана элдин колдоосу менен сыйлыкка татыдым. Сахнага чыккандан бери борбордо 6 жолу ийгиликтүү концерт бердим. Жаш кезде колдоого алышса чоң дем-күч берет. Наамга Маданият министрлиги, облустук өкүлчүлүк көрсөтөт. Мени Кыргыз театрлар ишмерлер союзу көрсөттү. Бир жыл мурун Жаныш Кулмамбетов агайыбыз наамдарымды, документтеримди чогултуп наамга көрсөттү эле бир жылдан кийин наам алдым. Негизи наамды атам алышы керек эле. 63 жашында "Маданияттын мыктысы" деген төш белги алган. Жаштар атамды жакшы тааныбайт. Бирок өз учурунда таанымал артист болгон", - дейт ырчы.

10:16 Суроо: Эмнеге ырчылар сыйлык алганын башка жакта жүрүп уктук дей беришет, калп айтпай эле коюшпайбы?

"Чынында мен конокто отурганда уктум. Чалып айтышканда ишенбей, калтырап толкундандым. Конокто отурганда уксам ошентип айтам да, "үйдө отуруп алып уктум" демек белем? Бул сыйлыкты мага ыраа көрбөгөндөр болууда. Мени колдогондор бар. Инстаграмда 300 миңден ашуун окурмандарым, туугандарым жакшы пикирлерди айтышты. Сыйлык мен үчүн кыргыз элинен аванс деп билем. Эми буга татыктуу болууга аракет кылам", - деди Самара Каримова.

10:22 Самара Каримова менен Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Бололу бирге" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

10:30 Күйөрманынын суроосу боюнча жандуу үн жана аккордеондун коштоосу менен "Бир келип кетчи Ош жакка" ырын аткарууда.

10:36 "Менин ийгилигим - балдарым. Жаш ырчы үчүн чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын экен. Бир жолу чет жакка 4 күнгө кеткем. Ошондо сыналгыдан мени көрсөтүп жатса улуу балам "ай, Самара Каримова, үйгө келбейсиңби" деп кыйкырган экен. Алар үчүн баарына даярмын", - дейт ырчы.

10:43 Суроо: Жолдошуңуздун биринчи жубайынан балдары барбы, алар менен катташып турабы?

"Ооба, башка никесинен 5 баласы бар. Алар менен катташып турат. Катташуусуна эч качан каршылык көрсөтпөйм, ата-эне үчүн бардык бала бирдей. Жолдошумдун биринчи жубайы менен мамилем жок, тааныбайм дагы. Кайненемдин айтуусу боюнча анын өзүнүн үй-бүлөсү бар", - дейт Каримова.

10:48 Суроо: Узун чачка кам көрүү оңой болбосо керек...

"Оңой эмес, албетте. Көптөр кошуп алган деп ойлошот экен. Өзүмдүн чачым, түсү да өзүмдүкү. Боёгон эмесмин. Жолдошум узун чачтууларды жактыргандыктан, кыркканга уруксат бербей жүрүп өстүрүп калгам", - деди ырчы.

10:52 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышууда.

10:54: Суроо: Наам туура эмес берилди деп айтышууда, сыйлыкты алуу үчүн көп жыл эмгек кылуу керек экен?

"Сөзсүз түрдө жылга же жашка маани бербестен, иштеген ишине карап баалашса - бул жаштарга чоң стимул болот. Буйрук экен, жаш кезде алдым. Колумдан келсе бардык кесиптештериме ыйгарат элем".

10:57 Суроо: Тойго чакырсам 700 доллардан түшпөй койдуңуз. Ставкаңыз мынча кымбат?

"Жолдун алыстыгына жараша ставка коюлат. Мен кетирген эмгегиме ушул бааны ыраа көрөм", - дейт ырчы.

10:59 Окурмандын "Наамдан баш тартсаң жаңы Жаңыл Мырза аталмаксың" деген билдирүүсүнө мындай деп жооп берди.

"Наамдан баш тарткандай - бул кызматтык кресло эмес. Болгону стимул берүүчү кичинекей кагаз. Наамдан баш тартпайм", - деди ал.

11:02 Жолдошу тууралуу: "Аябай кыйынчылыкты көрүп, семичке сатып жүрүп бутуна турган. Азыр Кудайга шүгүр, бардык бир туугандарга, балдарына каралашып турат. Чыгармачылыгымды колдойт. Кызганбаган эркек жок, кызганат. Мен деле кызганам. Бирок чектен ашпайбыз", - деди ал.

11:05 Суроо: Өзүңүздүн обондоруңуз барбы?

"Бар, бирок элге алып чыгуудан тартынам. Соңку убактарда ушул темада көп сөз болуп жатат. Андыктан устаттарыма көрсөтүп, эгер жараса ырдап чыгам", - дейт Самара Каримова.

11:10 Суроо: Эмнеге жолдошуңуз дайыма жаныңызда жүрөт, сизге ишенбейби?

"Жолдошумдун жумуштары абдан көп, андыктан дайыма менин жанымда жүрөт дегенге кошулбайм. Көбүнчө кайнилерим коштоп жүрүшөт. Мага ишенет, мен ишенимдүү аялмын", - деди ырчы.

11:12 "Атам менен кайнатам абдан жакшы дос болуп жүрүшкөн. Андыктан Асанга (ред. жолдошу) турмушка чыгарымды айтканда каршылык көрсөткөн эмес. Ата-энем күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт", - дейт Каримова.

11:15 Күйөрманынын суранычы боюнча жандуу үн менен "Баары сендей" ырын аткарган соң "Жаз" аталышындагы ырын аткарууда.

11:20 Суроо: Ийгиликке акчанын күчү менен жеттиңби же күйөөңдүн жардамы мененби?

"Элимдин жана жолдошумдун колдоосу менен ийгилик жаралууда. Ошондой эле өзүмдүн эмгектеримди да айтып кетпесем болбос", - дейт ырчы.

11:28 Окурмандын "Апаңа караганда атаңа жакын окшойсуң" деген суроосуна, "кыз бала атага жакын болот окшойт. Кичинемден атама жакынмын, азыр өзүмдүн кызым да атасына, балдарым мага жакын" деп жооп берди.

11:32 Самара Каримованын аткаруусундагы "Түшүмө кирдиң түндө сен" ырынын клиби көрсөтүлүүдө.

11:36 Ырчы жогоруда аталган клипке Өзбекстандын Эл артисти Мырза Азизов тартылганын айтып өттү.

11:42 Күйөрманынын суранычы боюнча "Асыл кечим" чыгармасын жандуу үн менен аткарууда.

11:48 "Ырчы болбосом диктор болмокмун. Бул боюнча телеканалдардан бир топ сунуштар түшкөн, бирок убактымдын тардыгына байланыштуу баш тарткам", - дейт ырчы.

11:50 Окурмандын "Кайненеңиз тууралуу айтып бериңиз. Жолдошуңуз "апам саунаны жетектейт" деген эле" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди.

"Кайненем - Ажыга барып келген аябай ыймандуу инсан. Жолдошумдун антип айтканы тууралуу маалыматым жок экен", - деди ал.

11:54 Суроо: Пластикалык операция жасатып көрдүңүз беле?

"Кудай сактасын, бычак алдына жатпай эле коёюн. Өзүмдүн табияттан берилген келбетим менен эле жүрөм", - дейт ырчы.

11:56 Ырчы өзүн калың элге тааныткан "Сагынганда атамды" чыгармасын жандуу үн менен ырдоодо.

12:02 Окурмандын "Самаранын наамына каршы кол чогултабыз дегендер болууда" деген суроосуна "аны убакыт көрсөтөт, эгер мени колдогондор аларга каршы кол чогултушса, анда...", - деп кыскача жооп узатты.

12:05 Самара Каримованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.


кошулду


Самара Каримова: "Наамдан баш тарткандай-бул кызматтык кресло эмес"

Автор: Максат Орозумбетов, Нуржан Сманова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(107)
07.09.2017. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-09-2017
Соӊку аракети:
07-01-2018 06:23
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элди билбейм бирок мен такыр укпайм ырларын такыр жакпайт ырдаганы бир еки уксан эле жадап кетесин,Кеяее соз болгондой эле бду жанына келгенде козуно карап чачы башын мактап олуп калышты Самараны мактап
07.09.2017. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-09-2017
Соӊку аракети:
07-01-2018 06:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечрасиздер кечее
07.09.2017. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-09-2017
Соӊку аракети:
07-01-2018 06:23
Жынысы:
Белгисиз
+13
Элдин 75%ти еле каршы бп жт сыйлык алганына озун кандай сезип жт деп ойлоп жаткам кыз абдан бактылуу го..
07.09.2017. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
17-10-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 08:27
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кыргызга ким жагат озу?! ай чырайлуу кыздарды да жеришип, коро албас калк экенибизди далилдеп келебиз жылдан жылга.Онолбогон калк экенбиз. Ичи тар, ниети кара. Миллиондорду жеп кооз суйлоп жургондорду деле жактырып унчукпай отурасынар, табагынардан оокат талашпай силердин эсебинерден жашабай ооз оокатын кылып кыргызга сонун ырларды тартуулап сулуу десе сулуу, таланттуу кыздарды осткрбогондо анан кимди? кимди барктай алдык тируусундо?Таттыбубунубу же Бакен эжебиздиби?Ниет онолмойун жок болобуз...
07.09.2017. 13:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+12
altyn7776, Наам сатылып жатса сатылып жатат деп айтат да эл... Эми бир "артист" президент болсо, башка артистти аз жерден музей директору кылып албадык. Ошону да туура дей берелиби?!!
07.09.2017. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
08-03-2018 00:25
Жынысы:
Белгисиз
+20
altyn7776,Таттыбубу менен Бакен эжекелер башка кеп.Самараны аларга салыштыруу асманды жер деп айткандай эле.Сулуулук,акча болсо эле адамдык сапатты жыйнаштырып коюу керек эмес да.Биринчиден 19 кун концерт коюп билет мажбурлап саттырса,экинчиден сауналарды иштетсе,учунчудон озунун кесибине тиешеси жок кресло талашса,тортунчудон озунун жакшы бир ыры же обону жок "Эмгек синирген" наамын кантип мактайлы.Эски ырларды авторлору сонун кылып ырдашкан уккулуктуу.Самара ырдаса эмнегедир жагымсыз
Jarookerjan түзөттү 2017-09-07 14:06:59
07.09.2017. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
08-03-2018 00:25
Жынысы:
Белгисиз
+10
Маданият адамы дайыма элдин байкоосунда болот.Байлык,бийлик,мансап деп эле жуткуно бергени жакшы эмес.Эл ичинде сыйга татыса,чыгармалары,ырлары муундан муунга отуп сакталып,аты аталып турса мындан откон наам,мындан откон атактуулук жок.
07.09.2017. 12:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
04-09-2017
Соӊку аракети:
07-01-2018 06:23
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эми жакпаса жакпайт дейбиз да сизге жакса уга берин ,,ай чырайлуу"" кызды
07.09.2017. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
02-07-2017
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:45
Жынысы:
Белгисиз
-14
Ит уро берет кербен журо берет.Самара алга!талантын ташкындай берсин синдим.
07.09.2017. 13:52 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+17
Озу жакшы кыз, бирок бул да заманга жараша озгоро баштаптыр... Музей жетектегидей эмне жумуш жасап койду эле, же ырчы болсо эле музей директорлугу алаканымда деп ойлойт бекен?!! Бул кеби акылдуу аялдын кебине окшобоптур. Бул музей чуу-чуусунан кийин куйоосу Асан менен министр Т.Казаков отставкага кетишсе дурус болмок ар-намыстары болсо.....
07.09.2017. 13:55 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ал эми наамга жабышканы да анын ХХХХ экенинен кабар берет. Эмдиги жылы эч ким тааныбаган Самаранын атасы "эмгек синирген артист" наамын алса тан калбай эле койгула...

Бул да Анжеликага окшоп паланча подписчигим бар дей баштаптыр го, ошончо подписчикти сатып алгансып...

Ошол подписчиктеринин баары Самаранын наам алганын кубаттаса кун тескерисинен чыгаар. Кудайды карап суйлоп журсо боло....
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-07 14:55:55
07.09.2017. 14:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-06-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 09:08
Жынысы:
Белгисиз
+17
Көрө албастык ич куйдулук деген нерсе менден айланып өтөт, айтайын дегеним көрө албай жатасынар деп жазылган комментарийлерди окуп жатам, мен чындыкты эле айтып жатам көрө албагандай мен ырчы эмесмин . Эмгек сиңирген деген сөздун өзу барктуу баалу эгер эмгеги чын эле синген болсо.а Самара сен айтып жатасын жөн эле бир стимул бечу кагаз деп,бул сөзундун өзу туура эмес стимулду башка нерседен алсан да болот. Сен ойлогон кичинекей кагазга эмгектери синип эл алдында ырдап жургөн инсандар ала элек.
Super TV
07.09.2017. 14:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-03-2012
Соӊку аракети:
17-05-2018 15:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-7
Саламатсыздарбы суроолор толук берилген жок мен 3 жолу ватцаптан жонотсом жооп берилген жок. Ушунчалык куттум эле. Самара Каримова келет дегенде.
07.09.2017. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
30-06-2016
Соӊку аракети:
24-02-2018 21:02
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сайкал Садыбакасова,Кенже Дейшеева Айжамал Кабылова да берсе болмок андай экен.Алар самарага Караганда коп жылдан бери ырдап журушот,Сайкал озу ыр жазат,обон жазат,жетекчилик кызматта да иштеп журушту.
07.09.2017. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
237
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 02:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+3
Tiguuchu,Садыбакосова давно алган. Азыркынын ырчылары куйгузду тырмактайынан эле наам алышып. Уят сыйыт жоголду го, алышып алып уялышпайт дагы.
07.09.2017. 16:07 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-08-2017
Соӊку аракети:
19-10-2017 19:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Беш баланы атасыз калтырган атасындай кишеге турмушка чыгып наам алыпсын бул адилетсиз замандын адилетсиз мыйзамы
07.09.2017. 16:41 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
mika_mina, этика нормаларын сактаңыз.
07.09.2017. 17:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
282
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
29-12-2017 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
мусульмандар арасында...
+5
Элдин жазган пикирлерин наамга татыктуу болбосо да Самаранын мурду быш эткен жок.Мындан кийин 500 доллар десен дагы тойго аз чакырып калат го абдан баркын кетип калды.
07.09.2017. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 12:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nazaroff1974 деген колдонуучунун билдируусу жок го.
Super TV
07.09.2017. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
22-01-2011
Соӊку аракети:
11-04-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
-17
Самара азаматсын! Талантына таазим! Сыйлыгын Кут болсун! Аллах Таала он козун салган, суйгон пендеси болгунун! Балдарындын мандайына Бар бол садагам! Сени чексиз урматтайм!
Super TV
07.09.2017. 19:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
22-01-2011
Соӊку аракети:
11-04-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
-15
Унуно береке! Зейнеп Шакееваны да таза ундуу деп билчумун, сен андан да отосун буйруса!
Super TV
07.09.2017. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
04-10-2007
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-16
Азамат. Коро албагандар туз жалагыла
07.09.2017. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кайрат Примбердиевке да берсе болмок,Самарага караганда ал россиянын сахнасын торлоп эмгек кылды го. Арман атин калыстыгы жок дуйно. Самарага соз жок бети булк этпейтко чиркин.Текебаев чон трибунада туруп айткан Асанды намысы жок эркектер кобойду иштетип жаткан саунасын апамкы деп карыган энесине жаба салды деп,эми олумуш болуп антип айтканын уккан эмесмин дегенин кара оо шумдук дуйнону таарыткан ушундай тулкулор.
07.09.2017. 20:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
29-11-2010
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:42
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстанда билим алуу оюнчуктай эле болуп калды, Самара Каримова сиз кантип жетишип, билим алып жатасыз, иштеп,3 баланы тороп, карап. Демек окууга, билим алууга убактыныз деле жок. Биз чет олкодо окугандар убактыбыздын кобунчосун окууга жумшап аран экзамендерден отобуз. Ошол акча, тааныш менен алган дипломунуздун кимге кереги бар, сиз озунузду озунуз эле алдагандай болуп жатпайбы.
12.09.2017. 15:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
19-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
PERA Samara Karimova 3 balasy mn bilim alsa eto ne oznachaet togo chto ona ne uchitsia ili obrazovanie v Kyrgyzstane slaboe. Mojet u nee est pomoshniki kotorye za detmi smotriat. Bilip bilbei ele umnichit ete beresingerbi ?
07.09.2017. 23:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
212
Катталган:
17-09-2015
Соӊку аракети:
19-12-2017 21:26
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жолдошунун семичке сатып бутуна турганын неге калтырып койдунар.
Super TV
08.09.2017. 00:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва-каракол
+5
Нурзат Токтосунова, Эрмек Нурбаев дерди чакыргылачы
Super TV
08.09.2017. 02:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
11-05-2018 05:26
Жынысы:
Белгисиз
+27
Самара синдим бир топ эле озгоруптур ,озун Тим эле асмандагы айдай сезет экен , тойдогу ставкасы асмандын башындай экен , оштон Жалал-Абадка тез эле жетип барса болотко Сен 1000$$ депсин , менимче тура эмес .
Super TV
08.09.2017. 02:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-05-2014
Соӊку аракети:
11-05-2018 05:26
Жынысы:
Белгисиз
+14
Менимче Самара !!! сыйлык аларын билген, жетекчилик орунду оз калосу менен тапшырган, эл тура эмес кабыл алат Деп , калп эле элге одарган уят болот ,атак унун жакшы ырларын жагат .
08.09.2017. 11:45 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
almanbetperm, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-08 11:46:44
08.09.2017. 11:46 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5905
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
AKCAHAT, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
Super TV
08.09.2017. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
337
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:44
Жынысы:
Белгисиз
+22
Самараны мактап элге тааныткан ушул супер жамааты,качан болсо чакырып мактап турушат.. такыр жакпайт ушул аял.
Super TV
11.09.2017. 23:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-06-2011
Соӊку аракети:
15-07-2018 17:56
Жынысы:
Белгисиз
-14
Самара молодец, жакшы интервью, если реалду турдо ошондой болсон жасалман жок болсо, жандуу ырдаганын абдан жакты. ишине ийгилик молодец
Super TV
11.09.2017. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
09-06-2011
Соӊку аракети:
15-07-2018 17:56
Жынысы:
Белгисиз
-14
Самара наамды жашына чыккандыгына эмес, эмгек синиргендигине карап берилет, сенин алганын туура. Ийгилик сага.
Асылкечим, жаз деген ырларын жагат, ушял сыяктуу ырларды ырдасан.

Жакшы совет берейинби Бек Борбиев менен бир дуэт ырдап корсон ото жакшы чыгат, рахмат айтасын
Медиа-портал
14.09.2017. 21:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
15-04-2017
Соӊку аракети:
08-10-2017 15:29
Жынысы:
Белгисиз
-8
Аябай жакшы суйлойт экен Билинип турат жакшы тарбия алганы Анжелика окшоп акчасына ептеп ыр жаздырып ырынын же мааниси жок суйлосо былжырап еле журот . Самара молодец сен татыктуусун !
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: