Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаардык сотто "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Бүгүнкү отурумда күбө катары 18 адам суралат. Текебаевдин жактоочулары "Мегакомду" 2010-жылы жетектеген, азыркы учурда абакта жаткан Азамат Мурзалиевди күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтиришти.
Өмүрбек Текебаев: "Мурзалиев негизги күбөлөрдүн бири. Ал ошол кезде "Мегакомду" жетектеген. Аны сөзсүз чакыруу керек", - деген пикирин айтты. Сот "5-сентябрдагы отурумда биз 18 күбө суралсын деп, ал эми Мурзалиевдин көрсөтмө берүүсү боюнча өтүнүчтү четке какканбыз" деп билдирди.
Сот жактоочулардын өтүнүчүн прокурорлордун макулдугу менен четке какты. Мындан улам жактоочулар соттук жамаатка ишенбөөчүлүк келтиришти. Соттук жамаат кеңешип чыгып кайра прокурорлордун пикирине таянып жактоочу Канат Хасановго эскертүү беришти.