Орусиялык рэпер МiyaGi'нин бир жарым жаштагы уулу көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду

Белгилүү орусиялык рэпер Азамат Кудзаевдин (MiyaGi) бир жарым жаштагы уулу көп кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатынын терезесинен кулап каза болгонун орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 7-сентябрда Москва шаарында болгон. Азамат Кудзаев үй-бүлөсү менен окуя болгон батирге 2 жума мурун көчүп келген. Кырсык болгон маалда үйдө Азаматтын жубайы жана кичинекей баласы гана болгон. Бала ойноп жатканда апасы эки-үч мүнөтккө аны кароосуз калтырып койгон. Ошол учурда наристе ачык турган терезеге чыгып, кулап түшкөн. Рэпер каргашалуу окуя болгон жерге бир сааттан соң келген. Күбөлөрдүн айтымында, бала жерге кулап түшөр замат эле жан берген.

Белгилей кетсек, 26 жаштагы рэпер MiyaGi &Эндшпиль дуэти аркылуу популярдуулукка жеткен.

Miyagi, Эндшпиль Ft. Рем Дигга - I Got Love (Official video)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ali-han
2017-09-08 23:20:41
Жаман болуптур. Азамат держись брат
+5
mentol
2017-09-09 00:08:04
Жалко блин
+7
BekAmir
2017-09-09 00:30:12
Алла сактасын бирок сактаныш керек.мен 4-кабатта жашайм терезеге тор койдурсам ууру киреби деп сурашты, а менин кичине балдарым бар
+13
aidan.nur
2017-09-09 01:55:20
BekAmir, туура айтасыз.
Эмнеси болсо да Аллах Таалам айттырбай келген кырсыктардан баарыбызды сактасын.
+5
Kuba-savai87
2017-09-09 02:39:58
Терезенин алдында чыга турган бир нерсе болсо керек да, ошону алып коюшпаптыр да.болбосо 1,5 жашар бала кантип чыкты?
+7
BakytAliev
2017-09-09 08:52:37
Жаман болуптур. Адашпасам Бишкекке концерт коет беле жакын арада
+4
ludimira
2017-09-09 12:11:30
Биздин домдо бир ай мурда тогузунчу этаждан бир жарым аш бала кулап коз жумду.мен да табуретка стулдарды балконго чыгарттым
0
asha302
2017-09-09 23:55:43
Эх кайран наристе периште боюнча жан бериптир да. Ата-энсине сабыр. Баса, мияги&эндшпиль Бишкеке келген жатышты беле?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан