Бүгүн, 11-сентябрда Садыр Жапаровдун ишин караган Бишкек шаардык сотунда жабырлануучу Эмилбек Каптагаев сотторго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сот залынан чыгып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
"Соттук отурумдун жүрүшүнө жабырлануучу Эмилбек Каптагаев катышты. Ал отурумдун жүрүшүндө Кенжебек Жумабаев, Бакыт Куланбаев жана Жыргал Мажиковду көрсөтмө берүүгө чакыруу боюнча өтүнүч келтирди. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды. Сотторго нааразы болгон Каптагаев "силер адилеттүү чечим чыгарбайсыңар" деп ишенбөөчүлүк көрсөтүп, сот залынан чыгып кетти", - деп билдирди Токтосунов.
Маалыматка ылайык, Кенжебек Жумабаев менен Бакыт Куланбаев учурда УКМКнын СИЗОсунда, ал эми Жыргал Мажиков №47-абакта жазасын өтөп жатат. Алар 2013-жылдын 7-октябрында "Саруу айылында өткөн митингге тиешеси бар" делип камакка алынган.
Соттук отурумдун жүрүшүндө Садыр Жапаровдун жактоочусу отурумга төрагалык кылуучу Жаңыл Мамбеталыга жана соттун толук курамындагы Нурлан Чериковго, ошондой эле Керезбек Эсекеевге ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттор көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк өтүнүчү негизсиз экендигин айтып канааттандыруусуз калтырды.