О! мобилдик операторунун кызматкерлери донор болушту

"Донор болуу – ден соолук үчүн пайдалуу" деп процедурага келген О! мобилдик операторунун кызматкерлерин сүйүнүү менен Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева тосуп алды.

Жалпыга белгилүү болгондой, Кыргыз өлкөсүндө жана башка көпчүлүк өлкөлөрдө донордун азайышынан улам донордук кандын жана анын компоненттеринин тартыштыгы бар. Мындай учурда О! мобилдик операторунун башкы кеӊсесинин базасында "Донор күнүн" өткөрүү өзгөчө маанилүү. О!нун биримдиктүү жааматы бул иш-чарага чоӊ берилүү менен, эӊ башкысы – өз эрки менен жана акысыз катышты. Кабинетке өз эрки менен келгендер кирип-чыгып жатканда кан куюунун мобилдик станциясынын кызматкерлери донор болуу эмне үчүн маанилүү экендиги менен бөлүштү:

"Илимий жактан караганда байма-бай кан тапшырып туруу ден соолукка жакшы таасир тийгизет. Донор өзүнүн иммундук системасын бекемдейт, кан айлануунун бузулушун алдын алууга мүмкүндүк берет жана жаштыкты узартат!"

Мындан тышкары пациенттерди дарылоо үчүн донор катары кан берүү фактысы сиздин жашоо образыӊыз чынында эле сергек экендигин ырастайт. Зыян адаттардын жоктугу, келбеттүү дене түзүлүш жана жакшы организм – ушунун баары кан алып жаткан адам үчүн сиздин каныӊыз коопсуз жана пайдалуу экендигине кепилдик.

"Донор болуу – бул ардактуу да. Сиздин бул кайрымдуу иш-аракетиӊиз кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калат. О! компаниясындагы балдарга ушундай активдүүлүк көрсөткөндүктөрү үчүн рахмат!" - деди Айганыш Сатыбалдиева.

Кандын донору болуу ниетин көпчүлүгү билдирди, жыйынтыгында Республикалык кан борборунун запасы 19 литрден ашык канга толду.

Донордук кан күнүгө талап кылынарын билүү керек. Канды же анын айрым компоненттерин алмаштыруусуз бир да хирургиялык операция мүмкүн эмес. Сиз да ушундай кайрымдуу акцияга катышыӊыз, Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна кайрылыӊыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
dastan_nookat
2017-09-12 11:27:31
Башкалар да үлгү алсын ушулардан
+1
Uulka9293
2017-09-12 13:38:12
Аябай кубанычтамын!!! Азыр кесерова жолу м.н торогондордун куйоосу да кан тапшырбаса справка берилбей калыптыр. Айласыздан ушуга барат да....Озунун ыктыяры менен бергендер аз эле...
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-09-12 18:00:44
Жакшылык жумуш кылсаң өзүңө, Кудай алдында төбөң көтөрүлөт. Эл алдында көтөрүлсүн десең риа болуп калат. Риа (эл көрсүн деген ой) бул ширк сыяктуу чоң күнөө. Ошондуктан жакшылык ишиңерди жарнамалабай жүргүлө.
0
Atas
2017-09-12 18:19:27
TIMON_BERKOWITZ, Tuura , kezektegi jarnama
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан