реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo
  Саясат  

"Ата Журт" "Төрөбаев спикерлик кызмат үчүн Жээнбековду колдойт" деген маалымат таратты

 

"Ата Журт" партиясынын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов "Кайра жаралуу" партиясынын өмүрү кыска болгонуна, курултайы болбой калганына Бакыт Төрөбаев өзү күнөөлүү экенин "Саясат.кг" маалымат агенттигине айтты.

"Партиянын "Кайра жаралуу" деген аталышын Төрөбаев башкалар менен кеңешпей, өзү тандаган. Партиянын курултайын өткөрүү күнүн да ал өзү белгилеген. Ошондуктан партиянын жашабай жатып жайраганынын себеби - өзүн лидер эсептеп, кыйын болуп, элди тоготпогон, амбициясынын жетегинде калган Төрөбаевде. Ал Жээнбеков менен соодалашып, бир гана шартта, эгер спикерликти берсе колдойм дегени жашыруун эмес. Азыркыга чейин эле ошол талабы менен жүрөт", - деди "Ата Журттун" өкүлү.

Айта кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев биригип, президенттик шайлоого жалгыз талапкер чыгара турганын жарыялаган эле. Бирок 11-сентябрда Төрөбаев шайлоого бирдиктүү талапкер чыгаруу планы ишке ашпай калганын айткан.



 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -5 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
97840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,14163398742676