Бүгүн, 15-сентябрь күнү эртең менен Оштон Бишкекке келе жаткан автозак (кылмышкерлерди ташуучу унаа) Суусамырда кырсыкка кабылган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен айдоочу жана эркинен ажыратылган эки адам жабыркаган.
"Унаанын ичинде эркинен ажыратылган 20дай адам болгон. Жабыркагандар Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз. Алдын ала маалымат боюнча, автозак жолдон чыгып, кулап калган. Качуу фактысы катталган эмес", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу кызматынан.