Кары-жашы дебей сүйүп көргөн белгилүү "Том жана Жерри" мультфильминин жаратуучусу Фред Куимби 1886-жылы 31-июлда жарык дүйнөгө келген. Фред өзүнүн карьерасын туулуп өскөн Миннеаполисте журналист катары эмгектенүү менен баштаган. 1907-жылы кинотеатрдын башчысы болуп иштеген. Кийинчерээк "Pathe" киностудиясына жумушка орношот.
1939-жылы Куимбиге мышык жана чычкандын карикатураларын экрандаштыруу сунушу түшөт. Ушул эле жылы "Том жана Жерри" мультфильминин биринчи эпизоду жарыкка чыккан. Фред Куимбинин бул эмгеги 12 жолу "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлүп, алардын ичинен "Эң мыкты кыска метраждуу мультфильм" номинациясын 7 жолу жеңип алган.
Фред Куимби 1965-жылы 79 жаш курагында каза болгон.
16-сентябрдын жылнаамасы.