super.kg logo

Балалуу боло албаган үй-бүлөлөргө донор болуп жүргөн Майк Рубино 19 баласы менен жолукту

 

Өзүнүн уруктугу менен балалуу боло албаган үй-бүлөлөргө донор болуп жүргөн 57 жаштагы Майк Рубино алгачкы ирет дүйнөнүн ар тарабында жашаган 19 "баласы" менен жолукту. Алардын көбүн мурда көрбөгөн ата бул окуяны өтө толкундануу менен кабыл алган.

Майк Рубино - сүрөтчү. Ал 1985-жылы үйлөнүп, жубайы экөө көпкө чейин балалуу боло алышкан эмес. Мындан улам жубайлар балалуу боло албаган түгөйлөрдү колдоочу топтордун чогулуштарына катышып, ал жактан көптөгөн эркектер уруксуздук илдети менен жабыркаганын билген. Көпкө ойлонгон Рубино башкаларга донор болуп, алардын бала жытын искөөсүнө себепчи болууну чечкен. Ал 40 жылга жакын донорлук менен алектенип, 19 балалуу болгон.

Анын анкетасы көптөгөн айымдардын кызыгуусун жараткан: келишимдүү, көк көздүү жана эч кандай генетикалык оорусу жок сүрөтчү. Андан Калифорния, Массачусетс, Гавайи, Нью-Мексико, Арканзас, Огайо жана башка штаттардын тургундарынын боюна бүткөн.

Демейде донор болгон инсандардын өздүгү сыр бойдон калса, Рубино тескерисинче, "Мен өзүм жөнүндө жазылган анкетага жаңы пункт кошкум келет. Мени менен дайыма байланышууга болот, себеби эртеби-кечпи балдарым менен жолугушууну каалайм", - деп айтып келген. Мындан улам убакыт өтүп, алар чоңойгон сайын атасы менен байланышка чыгып турушкан.

Балдардын жаш курактары - 16 жаштан 21 жашка чейин. Бирок келишим боюнча көбү менен 18 жашка чыкканга чейин жолугушууга тыюу салынгандыктан, аларды көргөн эмес.

Жакында "баатыр ата" балдарынын баарын Лос-Анжелестеги үйүнө чакырып, кенен таанышкан. Ошондой эле алардын баарынын аттарын жатка билгени менен, туулган жылдарынан жаңыла турганын айткан.

Донордун балдары чыныгы атасы менен жолугушканы үчүн кубанычта экенин жашырышкан эмес. 19 баланын 11и атасыныкындай көк көзгө ээ болсо, 4 баласынын сүрөтчүлүк өнөргө жакын экени белгилүү болгон. Ошондой эле Рубино өзү да кубанычы коюнуна батпай, "жок дегенде 2-3 баламды көрсөм экен деп кыялданчумун. Минтип, баары менен жолугуп отурам. Аларды бир көргөндө эле жактырдым", - деген өз маегинде.

Учурда балдардын баары дүйнөнүн ар тарабында жашашкандыктан, мындан ары интернеттеги социалдык тармактар аркылуу байланышып турууга убада беришкен.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(15)
19.09.2017. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-09-2017
Соӊку аракети:
15-02-2018 08:30
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зынакоор
19.09.2017. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
-2
Донорлор анонимдуу болуп, алардын балдары кай жакта, ата-энелери ким экендиги жонундо маалымат берилбейт эле го. "Дитя убийцы" деген кинотасмада донор болгон киши жонундо болот окуя, ал балдары жонундо информацияны лабораториядан медиктерди олтуруп анан уурдап чыгып издейт го баласын. Азыр эмне анонимдуу болбой калганбы? Кыргызстанда ото сыр сакталат жана анонимдуу деп уккам жакныда эле.
19.09.2017. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
14-08-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:51
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандайча зынакоор
19.09.2017. 17:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
13-05-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 12:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
МО
+2
40жыл донор болгон дейби? 17 жашынан эле баштаган экен да донорлукту
altynka95 түзөттү 2017-09-19 17:20:32
19.09.2017. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
23-02-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 07:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандайча кантип донор болот
19.09.2017. 20:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
737
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
07-05-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
+1
Batma08,жазылып турат го эркек уруктугун аялдарга берет,куйоосунуку жок болгондорго
19.09.2017. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
10-09-2017
Соӊку аракети:
07-05-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо шорун каткырлар, дагы эмнеси бул
19.09.2017. 19:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
24-09-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
0
Анекдот:Күйөөсү жа аялы жашайт экен. Кокустан күйөөсү тиги мүчөсүн кесип алыптыр. Больницага алып барышса "жараксыз болуп калыптыр, кааласаңыз донор бар, ошонун мүчөсүн салып беребиз" - дептир врач. Күйөөсү макул болуптур. Арадан убакыт өтүп аялы врачка арызданып келиптир "сиз баары жакшы болот дедиңиз эле, күйөөм мени м.н жатпайт" деп. Врач күйөөсүн чакырып сураса "двордо жумушта той ашта уят кылбайт"дептир. Аялың мененчи десе "ээ доктор кантип чужой бирөөнүн
19.09.2017. 19:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
24-09-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
+2
Ээ доктор, кантип чужой бирөөнүн мүчөсү менен өз аялымды эметем дейт имиш. Анын сыңарындай тиги аялдардын күйөөлөрү кантишти экен??? Кызганыч болот да баары бир.
PROS түзөттү 2017-09-19 19:45:03
19.09.2017. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
524
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
10-04-2018 19:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+6
Ээй туугандар))))көпчүлүк билбейт окшойсунарго...
Донор дегенде ал бирөө менен жатпайт зына кылып,болгону медициналык мекемеге уруктугун таштайт,а дарыгерлер талап кылган жактарга боюна салып берет
19.09.2017. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
21-05-2012
Соӊку аракети:
24-09-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Планета
-3
beka1207,никесиз салганга болбойт урукту, зына болуп эсептелет. Жатабы, жатпайбы ал башка маселе. Ооз тийген менен тоё жеген барабар!
19.09.2017. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
737
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
07-05-2018 13:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
+3
PROS,биз мусулман калкпыз бизге андайга жол жок кудай сактасын. А алар америкалыктар боло берсе кк
19.09.2017. 23:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
353
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 15:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ кантип донор болсо болот экен?
20.09.2017. 09:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1625
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
tular, саламатсызбы! Бул тууралуу төмөнкү шилтеме аркылуу кирип маалымат ала аласыз.
https://www.super.kg/article/show/29753?searchtext=эку
20.09.2017. 17:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
19-03-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 10:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Эку. Жолу менен. Болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: