Өзгөндө "күйүүчү май куюучу жайлардын биринин кызматкерин сабап, кассадагы 140 миң сом акчаны алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды

Өзгөн шаарында "күйүүчү май куюучу жайлардын биринин кызматкерин сабап, кассадагы 140 миң сом акчаны алып кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматына караганда, окуя 16-сентябрь күнү таңга маал Өзгөн шаарында болгон. Анда белгисиз адам күйүүчү май куюучу жайлардын бирине кирип, кызматкерди сабап, кассадагы 140 миң сом акчаны алып, качып кеткен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам аныкталган. Анын аты-жөнү мамлекеттик чек ара кызматкерлерине да билдирилген. 19-сентябрь күнү Чүй облусундагы чек ара бекеттеринин биринде кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.К. кармалган. Ал Бишкек-Тараз каттамындагы автобуста Казакстанга өтүүгө аракет кылган. Учурда ал Ош облусуна жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан