Абакта жаткан Садыр Жапаровдун 84 жашында каза болгон атасы Нургожо Жапаровдун сөөгү 22-сентябрда Ысык-Көл облусунда өзү туулуп өскөн айылында жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маркумдун уулу Давлет Жапаров билдирди.
"Атамдын сөөгүн 22-сентябрь күнү саат 11де өзү туулуп өскөн Түп районундагы Кең-Суу айылына коёбуз", - деди Давлет Жапаров.
Ал эми Садыр Жапаровго атасынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн уруксат бериле элек.
"Жактоочу Шарабидин Токтосунов экөөбүз атам каза болгондон жарым саат өткөндөн кийин эле агамды акыркы сапарга узатууга катыштыруу үчүн уруксат сурап СИЗОго келгенбиз. Бирок СИЗОнун жетекчилиги уруксат бербей койду. Алар ЖАМК чечет деген жоопту айтышты. Учурда аталган мекемеге кат аркылуу кайрылуу бергени жатабыз", - деп билдирди ал.
Садыр Жапаровдун атасы бүгүн, 20-сентябрда Бишкектеги Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда
дүйнө салды.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров Биринчи Май райондук соттун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.