super.kg logo

Өзгөндүктөр Сооронбай Жээнбековду колдойт. 40 миңден ашуун өзгөндүктөр талапкерди колдоо үчүн келишти

 



Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Талапкерге колдоо көрсөтүү максатында 40 миңден ашуун адам келишти.

Сооронбай Жээнбеков жакынкы 6 жылга карата стратегиялык максаттарды жана пландарды ишке ашыруу боюнча шайлоочуларга толук маалымат берди. Ал белгилегендей, анын президент кызматындагы башкы аракети жетишкендиктерди бекемдөө жана өлкөнү өнүктүрүү боюнча пландарды ишке ашыруу болот.

Ал коррупция менен күрөш, экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, ирригацияны өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу, ички жолдорду оңдоо, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана бекемдөө, кичи жана орто ишкерликти колдоо сыяктуу маселелерге кеңири токтолду.



Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин алкагында жетишилген маселелерге өзгөчө токтолду. “Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиздин үзүрүн эми көрө баштадык! Айрыкча Орусиядагы эмгек мигранттарыбыз жергиликтүүлөр менен теӊ укукка ээ болуп, жөндөмүнө, билимине жараша жакшы жумуштарга орношуп жатышат. Азыр короо шыпырган кыргыздар чанда эле болбосо, жок. Экономиканы ЕврАзЭСке интеграциялоо багытында чоӊ жумуштарды аткардык. Экспортко чыгууга инфраструктурабыз даяр – фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл системасын эл аралык стандарттарга туура келтирип жатабыз, лабораториялар, чек арадагы өткөрмө бекеттери жаңыртылды”, - деп белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ага ишеним артылып, президент болуп шайланып калса, бүт күчүн, билимин жана тажрыйбасын мамлекетке, элге кызмат кылууга арнай турганын билдирди. “Мен коррупция менен аёосуз күрөшөм, ашыкча кеткендерди колу-бутуна чаап турам. Менин максатым - тартип жана туруктуулук, өнүккөн өлкө”, - деди талапкер.

Өз кезегинде өзгөндүктөр өзүнүн эмгек жолун Өзгөндөгү мектеп мугалими болуп баштаган Сооронбай Жээнбековду кош колдошуп, жердештерин эң татыктуу талапкерге добуш берүүгө чакырышты.




Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 20.09.2017-ж.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -23 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: