Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзү. 10-бөлүк

Бүгүн, 21-сентябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго байланыштуу кылмыш иши Бишкек шаардык сотунда каралат. Учурда кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү каралууда. Эске салсак, 16-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду күчөтүлгөн режимдеги абакка 8 жылдан эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Өмүрбек Текебаев эмне иш боюнча жана кандайча соттолду? Бул суроого баш катыргандар көп. Өмүрбек Текебаевдин жарыш сөздө сүйлөгөн сөзүн толугу менен өзгөртүүсүз тааныштырабыз:

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 1-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 2-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 3-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 4-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 5-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 6-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 7-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 8-бөлүгү ушул шилтемеде.

Өмүрбек Текебаевдин соттогу 3 күнгө созулган жарыш сөзүнүн 9-бөлүгү ушул шилтемеде.

(Уландысы)

10-февраль, 2017-жыл

А.Модин: «Моя последняя встреча с Л.Маевским была зимой в конце 2010 года в кафе «Мимино» г.Бишкек. Какую именно компанию хотел ввести в управлением «Мегакома» Л.Маевский мне неизвестно» (I том, 41-бет»).

25-февраль, 2017-жыл

А.Модин: «По результатам наших разговоров между Маевский Л.С. и мной по вопросу покупки акций компании «Альфа Телеком» мною был сделан вывод, что это осуществляется именно с целью дальнейшей продажи данной компании крупному стратегическому инвестору, но о данной идее лично мне Маевский Л.С. не говорил и в долго срочные планы в отношении указанной компании не посвящал. Поэтому ранее данные мною показания по данным обстоятельствам, исключительно основаны на моих предположениях» (I том, 144-бет»).

А.Модин 2010-жылдын 7-сентябрында “Нур Телеком” ЖЧКсынын аткаруучу директорлугунан кеткен (III том, 233-бет). Жумуштан кеткенден кийин А.Модин “Альфа Телеком” ЖАКсына жумушка орношконго аракет кылат. Ал үчүн “Алтимо” компаниясынын өкүлү Андрей Зимницкийге кайрылат. Ал жардам берем деп убада берет (I том, 38-бет). Жумушка орношуу үчүн А.Модин 2010-жылдын 10-сентябрынан – 18-сентябрына чейин Москвада болот.

2017-жылдын 27-июнундагы соттук отурумда А.Модинге төмөндөгү суроолор берилди:

Суроо: Сиз Зимницкий Андрейге “Альфа Телекомго” жумушка орноштуруу өтүнүчү менен кайрылдыӊызбы?

А.Модин: 2010-жылы “Альфа Групп” (Россия) да “Мегакомго” кызыккан. Мен аны Шершнёв аркылуу билип тургам. Мен Зимницкийге жакшы адистерден турган командам бар деп айткам.

Суроо: Зимницкий кантип сизди “Мегакомго” жетекчи кызматка коймок?

А.Модин: “Альфа Групптун” байланыштары кеӊири, аларда мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Мен адистерден команда бар, “Альфа Телекомду” башкара алабыз деп сунуш кылдым. Зимницкий кырдаалды билем, маселени чечкенге аракет кылам деп убада берди.

Демек, А.Модин “Нур Телекомдон” кеткен, жумушсуз калганда, Д.Жуков, М.Сидоренколор менен сүйлөшүп, команда түзгөнгө аракет кылган.

  1. А.Модин тергөөдө да, сотто да Ө.Текебаев Л.Маевскийден акча сураганын же акча жөнүндө сүйлөшкөнүн өзүм уккан жокмун, күбө болуп тастыктай албайм. Аны Л.Маевскийдин сөзүнөн улам гана билем деп тергөөнүн айыптоосун жокко чыгарды.
  2. А.Модин 21-декабрда Ө.Текебаев менен жолугушууда болгонун далилдей алган жок. Ал болгону, “Мени Ө.Абдрахманов тааныды го. Ошол жолугушуу болгонун тастыктайт да”, - деп гана айта алды. Ө.Абдрахманов 21-декабрда жолушууда болдум деп айта албайм деп, сотто моюнуна алды. Ө.Абдрахманов 2011-жылдын февралында болгон жолугушууну чаташтырып жатат. А.Модиндин, Л.Маевскийдин видеоинтервьюсу “Акипресс”, КТРК жана башка маалымат каражаттарынан таратылган, Ө.Абдрахманов ошолорду көргөнүн сотто моюнуна алды. Ошондон улам Ө.Абдрахманов А.Модин менен Л.Маевскийди “таанып” отурат. Ө.Абдрахмановдун А.Модинди “тааныганы” 21-декабрда жолугушуу болгонун далилдебейт.

А.БАЗАРКУЛОВДУН КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БОЮНЧА

Кылмыш кодексинин 303-статьясы коррупция жөнүндө. Коррупция кызматтык кылмыштарга кирет. Коррупциянын кызматтык кылмыш катары негизги белгиси мындай: Кызмат адамы өзүнүн компетенциясынын – бийлигинин чегинде кызматтын, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алыш (аракет кылыш) керек. Ошол аракеттер айтылып жаткан конкреттүү кылмыш менен түздөн-түз байланышта болуш керек.

Ө.Текебаев 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары катары Конституциялык реформаларды өткөрүү боюнча жоопкер болгон. Ал кааласа да, “Мегаком” боюнча чечим чыгарып же бирөөгө буйрук, тапшырма бере алмак эмес. Д.Чотоновдун компетенциясы өзгөчө кырдаалдар менен байланышкан. Ө.Текебаев менен Д.Чотоновду коррупцияда айыпташ үчүн мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаевдин чечимдерин бурмалап, өзүн Ө.Текебаев менен байлаш керек эле. Ш.Абдылдаевди Текебаев менен байлаш үчүн негизги жана жападан жалгыз күбө - “Мегакомдун” азыркы Гендиректору (2012-жылдан бери Гендиректор) Азат Базаркулов. Аны бийлик пайдаланып жатат.

Прокуратура өзүнүн айыптоо корутундусунда Азат Базаркуловдун көрсөтмөлөрүнө таянат.

Азат Базаркулов: «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректору А.Силичти кызматтан алып, анын ордуна Маевскийдин адамдарын коюу максатында Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, А.Шыкмаматов, К.Байболов, Т.Маматкеримов болуп бир нече жолу жолугушкан. Мен ал жолугушууга Т.Маматкеримовдун чакыруусу менен баргам», - дейт (I том 16-17-бет).

Бул көрсөтмө толугу менен ойдон чыгарылган жана жалаа жабуу максатында берилген.

А.Базаркуловдон башка бир адам же документ анын айткандарын тастыктаган жок. Тескерисинче, К.Байболов Т.Маматкеримовду, А.Базаркуловду тааныбагандыгын, А.Базаркулов айткан жолугушуулар болбогондугун, «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү же Ө.Текебаев өзү «Альфа Телеком» ЖАКсынын маселелери менен кайрылбаганын тастыктаган (II том 17-18-бет); (VI том, 34-37-бет); (VII том, 130-131-бет) К.Байболов А.Базаркуловдун көрсөтмөсүнө төмөндөгүдөй баа берген: Кара ниет жалаа, жалган. Мен ал жолугушууларда болгон эмесмин, А.Базаркуловдун айткандары чындыкка дал келбейт» (VII том, 131-бет).

А.Базаркуловдун көрсөтмөлөрүн Ш.Абдылдаев да жокко чыгарды. Ал А.Силичти «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректорлугунан алып, анын ордуна А.Модинди коюу аракети жөнүндө эч нерсе укпаганын жана ушул маселе боюнча Ө.Текебаев, Д.Чотонов, А.Шыкмаматов жолукпаганын тастыктады (II том 211-212-бет).

А.Базаркулов айткан «Альфа Телеком» ЖАКсы боюнча жолугушуулар жөнүндө эч нерсе угушпаганын жана ал жолугушууда болушпаганын Ө.Текебаев (V том, 189-бет), Д.Чотонов (V том, 197-бет), А.Шыкмаматов (VII том, 109-бет) да тастыкташты.

2017-жылдын 4-июлундагы соттук отурумда А.Базаркулов 2010-жылы июндан баштап внешний управляющий К.Ишенбаевдин помощниги болгом деп көрсөтмө берди.

А.Базаркулов внешний управляющий Кутман Ишенбаевдин помощниги болгом деп бир нече жолу тергөөдө жалган айткан (I том, 15-бет; V том, 187-бет, V том, 195-бет).

Кутман Ишенбаев өзүнүн берген көрсөтмөсүндө Азат Базаркулов деген помощниги болгон эмес. Анткени помощник деген должность болгон эмес деп А.Базаркуловдун жалганчылыгын чыгарган (III том, 193-бет).

А.Базаркулов А.Модин менен болгон беттештирүү сурагында: «Мен көргөзгөн группа (Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, К.Байболов, Т.Маматкеримов) А.Силичти кызматынан алып, ордуна А.Модинди коёбуз деп аракет кылганын тастыктайм. Анткени:

  1. Мамлекеттик мүлк министрлиги бир-эки жолу акционерлердин жыйынын чакырып, бирок кворум болбой, жыйын өтпөй калган. Күн тартибинде А.Силичти алмаштыруу турган.
  2. Т.Маматкеримов министр Ш.Абдылдаевге А.Модиндин резюмесин «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректорлугуна кандидат катары берген.
  3. Т.Маматкеримов эмне үчүн «Альфа Телеком» ЖАКсынын акционерлеринин жыйыны болбой калды жана «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректору А.Силичти кызматтан алуунун жолдорун көргөзүп бер деп суранган.
  4. 2010-жылдын күзүндө Токтогул көчөсүндөгү кафеде К.Байболов, Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Ш.Абдылдаев, Т.Маматкеримов болушуп, мен «Альфа Телеком» ЖАКсы боюнча берген маалыматымды угушуп, Генпрокуратура «Альфа Телекомдун» 51% акциясына арест коюп, добуш берүү укугунан ажыратып, ошондон улам Мамлекеттик мүлк министрлиги 49% акциясынын ээси катары 100% добушка ээ болуп кала турган токтом чыгарыш керектигин талкуулашкан.

Ушул жагдайлардан улам ошол топ А.Силичти кызматтан алып, ордуна А.Модинди коймок болушкан деген жыйынтыкка келдим» (VII том, 95-96-бет).

А.Базаркулов келтирген төрт жагдайдын акыркы үчөө таптакыр жалган, биринчиси бурмаланган.

2010-жылдын 20-майында «Альфа Телеком» ЖАКсынын 49% акциясын улутташтыруу жөнүндө» Убактылуу Өкмөттүн №44-Декрети чыккан.

Ошол Декреттин 2-пунктунда: «Альфа Телеком» ЖАКсынын 49% акциясы улутташтырылгандыгына байланыштуу, Мамлекеттик мүлк министрлиги:

- «Альфа Телеком» ЖАКсынын акционерлеринин жалпы жыйынын өткөрүүнү демилгелесин;

- «Альфа Телеком» ЖАКсынын жаңы уюштуруу документтерин бекитсин жана кайрадан каттоодон өткөрсүн;

- «Мегаком» мобилдүү байланышынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылсын;

- «Альфа Телеком» ЖАКсынын 49% акциясын улутташтыруудан келип чыккан башка маселелерди чечсин, -

деп Мамлекеттик мүлк министрлигине тапшырма берилет (VI том, 97-бет).

Министрликтин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү аракетинен кылмышты көрүү – бул кара санатайлык. Министрликтин бир да документинде А.Силичти алып, ордуна же А.Модинди, же башка бирөөнү дайындоо жөнүндө эч нерсе жок. Министрликтин акционерлердин жалпы жыйынын чакыруу аракети мамлекеттин (акционер катары) кызыкчылыгын көздөгөн жана №44-Декретти аткаруу багытында (максатында) болгон.

Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-секретары Сүйөркул Бакиров мындай дейт:

«2010-жылдын сентябрь айына чейин стратегиялык, ошонун ичинде Убактылуу Өкмөттүн декреттери менен улутташтырылган ири объектилерди тескеп келгем. Ошолордун ичинде «Альфа Телеком» ЖАКсы да болгон. 2010-жылдын август айында премьер-министр А.Муралиевдин чечими менен «Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фонду» түзүлүп, директорлугуна Азамат Мурзалиев дайындалган».

«Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ар бир жылы 1-майга чейин бардык акционердик компаниялар жалпы жыйын өткөрүүсү зарыл. Жылдын жыйынтыгы боюнча кезексиз жыйындарды өткөрүү чектелген эмес. 1% акциянын ээси кезексиз жыйын өткөрүүнү, күн тартибиндеги маселени көргөзүп, талап кыла алат. 2010-жылдын май айындагы Декрети менен Убактылуу Өкмөт Мамлекеттик мүлк министрлигине «Альфа Телеком» ЖАКсынын уюштуруу документтерине өзгөртүү киргизүүнү жана башка Декреттин талаптарын аткарууну жүктөгөн. Ал үчүн мамлекеттин 49% акциясын акционерлердин реестринде каттаттык. «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректору А.Силич менен акционерлердин жыйынын өткөзүү боюнча кат алышып турдук».

«Мамлекеттин үлүшү бар компанияларда башкаруу коллегиалдуу болуп, гендиректордун ишин мамлекеттин өкүлү көзөмөлдөп туруш керек деген сунуш киргиздик». Тергөөчүнүн: «Сизге мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаев «Альфа Телеком» ЖАКсынын маселелери боюнча кандай көрсөтмө берчү эле?» - деген суроосуна С.Бакиров: «Жумасына бир жолу министрдин кабинетинде жыйналып, Убактылуу Өкмөттүн декреттеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчёт берет элек. Ошолордун ичинде «Альфа Телеком» жөнүндө да. Ал башка көрсөтмө, буйруктарды берчү эмес», - деп жооп берген (VII том, 86-90-бет).

Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объектилерди приватташтыруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Черный Илья Анатольевич мындай деп көрсөтмө берген:

«Мен жетектеген бөлүмгө Убактылуу Өкмөттүн улутташтыруу жөнүндө декреттерин аткаруу жүктөлгөн. 2010-жылдын 20-майында кабыл алынган Убактылуу Өкмөттүн №44-Декретин аткаруу алкагында мамлекеттик органдар, юридикалык жактар, уюмдар жана башка учреждениелер менен «Альфа Телекомду» улутташтыруу боюнча кат алышып, суроо-талаптарды даярдап, жөнөтүп тургам. Убактылуу Өкмөттүн Декретине ылайык, Мамлекеттик мүлк министрлигине «Альфа Телеком» ЖАКсынын акционерлердин жалпы жыйынын чакырууну демилгелөө, жаӊы уюштуруу документтерин бекитүү, кайра каттоо тапшырылган. Ошондуктан «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректору А.Силичке да сунуш жөнөткөнбүз. Уставга ылайык гендиректор гана акционерлердин жалпы жыйынын чакыра алат эле. Жаӊы уюштуруу документтерин, Уставды бекитүү акционерлердин жалпы жыйынынын компетенциясына кирет. Ошондуктан мен гендиректор А.Силичтин атына Уставга өзгөртүү киргизүү, Директорлор Советин, компаниянын ревизорун шайлоо сунушун даярдадым. Мен даярдаган каттарга, сунуштарга, суроо-талаптарга статс-секретарь С.Бакиров кол койчу» (VII, 116-118-бет).

«Реестр-кармоочу ЖЧК «Региструм» акцияларды кайра каттоодон баш тартты. Ал акциялар арестте же улутташтыруу акцияларды кайра каттоого негиз боло албайт ж.б. шылтоолорду айтты».

«Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректору ким болуш керек экенин билбейм. Мен даярдап, министр Ш.Абдылдаев кол койгон №06/1-3390 кат «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректору А.Силичтин алмашуу мүмкүндүгүн караган (VII том, 116-118-бет).

2017-жылдын 5-июлундагы сот отурумунда күбө И.Черный өзүнүн тергөөдө берген көрсөтмөсүн кайталап, сөзүн мындай деп бүтүрдү: «2010-жылдын июль-сентябрь айларындагы Мамлекеттик мүлк министрлигинин «Альфа Телеком» ЖАКсынын акционерлеринин жыйналышын чакыруу аракети №44-Декретти аткаруу багытында болгон жана акционер катары мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон. Мен Декретти аткаруу үчүн аракет кылдым. Мага ким жетекчи болгонуна карабай, мен милдетимди аткарышым керек. Азыр да ошондой иш кылмакмын. «Альфа Телеком» ЖАКсынын гендиректорлугуна талапкер министрликте каралган эмес», - деп А.Базаркуловдун, тергөөнүн жалааларын жокко чыгарды.

Ошентип иштеги материалдардын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана документтер А.Базаркуловдун 1-жүйөсүн жокко чыгарат. А.Базаркуловдун Мамлекеттик мүлк министрлигинин акционерлердин жыйынын чакыруу аракети А.Модинди гендиректорлукка алып келүү ниетинин далили дегени - ойдон чыгарылган кара санатайлык.

А.Базаркуловдун 2-жүйөсү төмөндөгүдөй:

«Т.Маматкеримов министрдин кабинетинде Ш.Абдылдаевге А.Модиндин резюмесин берди. Бергенде да гендиректорлукка кандидат катары берди».

Ш.Абдылдаев муну жалган деди. А.Модин билбейм деди. Т.Маматкеримов тастыктаган жок. Бул чындыкка гана каршы болбостон, акыл-эске да сыйбайт. Т.Маматкеримов ким? Ш.Абдылдаевдин начальнигиби?

Азат Базаркулов өзүнүн көрсөтмөлөрүн шектүү өзгөртөт. Ал Ө.Текебаев, Д.Чотонов менен болгон беттештирүүдө мындай деген:

«2010-жылдын күзүндө кафеде Ө.Текебаев, К.Байболов, Ш.Абдылдаев, Д.Чотонов менен жолуккан. Ошондон 2-3 ай мурун Ш.Абдылдаев өзүнүн кабинетинде, Т.Маматкеримовдун көзүнчө мага А.Модиндин резюмесин берип, министрлик анын кандидатурасын гендиректорлукка карап жатат деген» (V том, 188-бет, 196-бет).

Бул 2017-жылдын 6-апрелинде болгон көрсөтмө.

А.Базаркулов 2017-жылдын 14-апрелинде А.Модин менен беттешүүсүндө көрсөтмөсүн өзгөртүп: «2010-жылдын июнь айында Т.Маматкеримов Модиндин резюмесин Ш.Абдылдаевге гендиректорлукка кандидатурасын карап көрүӊүз деп берген», - деп айта баштады. “В настоящее время, я могу твердо утверждать о том, что резюме Модина А.Н. было передано Абдылдаеву Ш.И. Маматкеримовым Т., но ни как не Абдылдаевым Ш.И. мне, как ранее много указывалось”, - дейт (VII том, 95-бет).

2017-жылдын 4-июлундагы соттун отурумунда күбө А.Базаркулов: «Чынын айтсам, жети жыл өттү, так эсимде жок, Модиндин резюмесин ким кимге берди бүгүн так айта албайм», - деп дагы бир жолу көрсөтмөсүн өзгөрттү.

Азат Базаркулов 2017-жылдын 14-апрелинде А.Модин менен беттештирүү сурагында: “Мен “Мегакомдо” внешний управляющий болуп иштеп жаткам. 2010-жылдын июнь айында Т.Маматкеримов болуп Мамлекеттик мүлк министри Ш.Абдылдаевдин кабинетинде болдук. Т.Маматкеримов Ш.Абдылдаевге А.Модиндин резюмесин берип, “Альфа Телеком” ЖАКсынын Гендиректорлугуна А.Модиндин кандидатурасын карап көрүңүз деп суранды. Ошол эле күнү “Алтын кен” компаниясынын “Вефа центрдеги” А.Модинди чакырып, жолуктум. Тааныштым. А.Модин “Альфа Телеком” жөнүндө суроолорду берди. “Альфа Телекомдун” финансылык, өндүрүш абалы менен кызыкты”, - деп көрсөтмө берди (VII том, 94-бет). А.Модин дароо эле А.Базаркуловдун көрсөтмөсүн жокко чыгарган: “А.Базаркулов менен 2006-жылдан бери тааанышпыз. “Вефа центрдеги” жолугушуу эсимде жок. Болсо да, кокусунан жолугушуп калсак керек, аны көргөн гана болушум керек. Эч кандай сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес эле” (VII том, 94-95-бет). А.Базаркулов: “А.Модин менен 2010-жылдын июнь айынын аягында жолуккам”, - деп үч жолу көрсөтмө берген (V том, 186-бет; V том, 188-бет; VII том, 94-бет).

Бирок андай жолугушууну А.Модин болгон эмес деп айткандан сырткары, дагы башка себептерден улам болушу мүмкүн эмес.

Азат Базаркулов 2010-жылдын 21-июнунда внешний управляющий болуп дайындалат. Буйрук №58-п (VII том, 86-бет).

А.Модин 2010-жылдын 17-июнунда эртең менен саат 06-01де №SU180 “Бишкек-Москва” авиарейси менен учуп кетет. Кайра Бишкекке 2010-жылдын 14-июлунда №179\14 “Москва-Бишкек” авиарейси менен учуп келген (VII том, 70-бет).

Демек, А.Базаркулов айткан убакта А.Модин менен жолугуша алмак эмес.

(Уландысы бар)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан