Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынан ЖМКларга карата билдирүүсү:
“Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүнкү күндө сиздер мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун беделин түшүрүүгө жана каралоого багытталган далилсиз, провокациялык акцияларын баштаганына күбө болуп жатасыздар.
Коомдук телеканал шайлоо алдындагы кампаниялардын жүрүшүндө далилсиз, ойдон чыгарылган фактылардын негизинде талапкерлердин бирин каралоого жол берип жатат. Бул кыжырды келтире турган факт.
Бүгүн Өмүрбек Бабановдун штабы тарабынан КТРКны жана эфир аркылуу көз көрүнөө жалган маалымат таратып баштаган башка жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берүү чечими кабыл алынды.
Бул өлкө президенттигине бара жаткан талапкерге карата түздөн-түз басым кылуу жана коомчулукту адаштырууга жеткирүү болуп саналат. Бул Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуу жана административдик ресурсту пайдалануу фактысы болуп эсептелет.
Чиновниктер Өмүрбек Бабановго карата бүткүл элдин колдоосун түшүнгөндөн кийин ушундай кадамдарга барып жатат.
Бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынан, бардык журналисттерден жана мамлекеттик кызматкерлерден моралдык-этикалык чектерден ашпоону жана такталбаган маалыматтарды таратпоону суранабыз. Тескерисинче, сөз эркиндигин колдоп, укук бузууларды жана административдик ресурсту колдонууларды ачык жарыялоого чакырабыз! Биз таза жана адилет шайлоону өткөрүүгө милдеттүүбүз.
ТАЗА КООМ — ТАЗА ШАЙЛООДОН БАШТАЛАТ!».