Австриялык Kreisel фирмасы Арнольд Шварценеггер үчүн электр энергиясы менен жүргөн дүйнөдөгү биринчи Hummer H1 унаасын чыгарды. Унаанын ачылышы компаниянын изилдөө жана иштеп чыгуу борборунун ачылыш аземи менен чогуу өткөндүгүн чет элдик маалымат булактары жазууда.
Иш-чарага актёр Австриянын канцлери Кристиан Керн менен келген.
Жол тандабас болгону 2 ай убакыт аралыгында даярдалган. Унаанын алдынкы жана арткы дөңгөлөктөрүнүн огу электр кыймылдаткычтары менен жабдылган. Кубаттуулугу 490 аттын күчүнө барабар болгон жол тандабас сыйымдуулугу 100 киловатт/саат болгон батареялардын топтомунан энергия алат.
Электр энергиясы менен жүргөн Hummer H1дин ылдамдыгы саатына 300 чакырымды түзүп, салмагы 3300 килограммга жетет.