Муз үстүндө бийлөө боюнча Бишкекте өткөн эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 6 алтын медаль жеңип алышты
13-15-ноябрь
күндөрү муз үстүндө бийлөө боюнча өспүрүмдөр арасында Бишкекте өткөн эл аралык
мелдеште ата мекендик спортчулар 6 алтын, 7ден күмүш менен коло медалдарды
жеңип алышты. 1-орунду ээлегендер төмөнкүлөр болду: Надин
Хромых, Варвара Петрова, Ева Яковлева, Данил Светличный, Кубат Жүндүбаев жана Даниэль Каипов. Айта кетсек, КРнын Коньки менен чуркоо федерациясынын
президентинин Кубогу үчүн уюштурулган аталган саамалыкка Кыргызстандан тышкары
Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Япониядан келген жаш жеткинчектер катышты.