Өзгөндө эки жеңил унаа сүзүшүп, жаракат алган эки адам ооруканага жеткирилди

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүндө эки жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, жаракат алган эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облусунун Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, окуя 22-сентябрда түнкү саат 22:30дар чамасында болгон.

"Өзгөндө М.А. аттуу жаран мас абалында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, жолдун карама-каршы багытына чыгып кеткен. Натыйжада ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү 1985-жылы төрөлгөн Ж.Ж. аттуу тургун жана айдоочу 1986-жылы туулган М.А. аттуу адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uson1388
2017-09-23 14:26:46
жигулини кыргызстанга киргизгенге тыю салгыла эми
0
beka1207
2017-09-23 15:54:08
Uson1388,айып жигулидеби же арактабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан