Бүгүн, 27-сентябрдан 28-сентябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 2-турдун оюндары ойнолот. Анда 4 тайпадагы командалар өз ара беттешет.
Бул күнү "ЦСКА" - "Манчестер Юнайтед", "ПСЖ" - "Бавария", "Атлетико Мадрид" -"Челси" жана "Барселона" -"Спортинг" клубдарынын кызуу беттештери орун алат. "Атлетикодон" башка аталган клубдар Чемпиондор Лигасынын 1-турунда 3 упайларына ээ болушуп, турнирдик жадыбалда биринчи орунду бөлүшүп келе жатышат. Ал эми "Атлетико Мадрид" клубу алгачкы беттешинде италиялык "Рома" менен кез келген. Оюн 1:1 тең эсебинде жыйынтыкталып эки команда 1 упайдан ээ болушкан.
Бардык беттештерге Бишкек убактысы боюнча саат 00:45те старт берилет.
"А" тайпасы
"ЦСКА" (Орусия) - "Манчестер Юнайтед" (Англия);