super.kg logo

ТЕСТ: Күүнүн башы - Камбаркан. Күүлөнгөн бойдон тесттен күчүңүздү бир текшерип көрүңүз

 

Комуздун үч кылынан чыккан күүнү муюп угуп, күүнүн тилин түшүнгөндөр бар. Кыргыз маданиятынын бөлүнгүс бир бөлүгү болгон комуз күүлөрү сиздин да дилиңизге жакын, көкүрөгүңүздүн эңсегени болсо аны угуп ырахат алып жүргөн чыгарсыз. Аш-той, жакшылыктарда угуп жүргөн күүлөрдүн аталышын, баянын, авторлорун канчалык деңгээлде билесиз? Билимиңизди тест аркылуу аныктаңыз.



1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Өзүнө ашык болгон айымдын уялгандагы абалын сүрөттөгөн "Боз салкын" күүсү кайсы комузчуга таандык?

"Боз Салкын" күүсү 3 бөлүктөн турат. 3-бөлүгүндө күүчү өзүнө ашык болгон айымга жолукканын баяндайт. Экөө бетме-бет келген учурда ага ашыккан жандын уялгандан өңү бозоруп кеткен экен. Мындан улам күү "Боз Салкын" деп аталган. Ы.Туманов ар бир черткен күүсүнүн алдында анын баянын айтып бергендиги менен айырмаланган.

Кийинки суроо


Ыбырай Туманов
Карамолдо Орозов
Намазбек Уралиев

Токтогул Сатылгановдун кыздардын сырын, кылыгын, назын баян кылган күүсү...

"Кыз кербез" - атайын бир лирикалык каарманга арналган эмес. Жалпы кыз аттуунун, өткөн кездин, учурдун жана кийинкинин кыздарынын сырын, кылыгын, назын баян кылган күү деп сыпатталат.

Кийинки суроо


"Көкүл"
"Кыз кербези"
"Ибарат"

"Саринжи-Бөкөй" элдик күүсүнүн аталышы эмнеден улам келип чыккан?

"Саринжи-Бөкөй" — социалдык-турмуштук эпосторго кирет. Анда Бөкөйдүн иниси Саринжи менен пикир келишпестиктери баяндалат. Эпостун негизинде күү да жаралып, эл арасына негизинен Болуш Мадазимовдун аткаруусунда көп тараган.

Кийинки суроо


Баатырлар согуш талаасын "Саринжи-Бөкөй" деп аташкан
Жеңиш учурунда куттуктоо үчүн айтылган сөз
Ага-ини Саринжи менен Бөкөйдүн атынан коюлган

2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1000 комузчунун аткаруусундагы күү...

2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда 1000 комузчу "Маш Ботой" күүсүн аткарган. "Ботой" — армандуу күүнүн бир багыты болуп саналат. Автору Атай Огонбаев муңдуу ыргакты өзгөртүп, ыкчамдык, көңүлдүү маанай кошуп, күүнү "Маш ботой" деп атап, алып чыккан.

Кийинки суроо


"Жеңиш"
"Маш Ботой"
"Камбаркан"

Маркумду акыркы сапарга узатууда, аза күтүү күндөрүндө угузулган күүлөрдүн аталышын билесизби?

Калктын башына караан күн түшкөндө кайгылуу күндү "Ак Бугу", "Көкөй кести" күүлөрү коштойт. Кулакка армандуу угулган "Көкөй кести" күүсүн Карамолдо Орозов бай-манаптын каарына кабылган элдин заарын билдирүү үчүн чыгарган.

Кийинки суроо


"Арман", "Солтон Сары"
"Каныкейдин арманы", "Ак Бакай"
"Ак Бугу", "Көкөй кести"

"Күүнүн башы Камбаркан" деген кеп кайсы уламыштан улам айтылып калган?

Уламыш боюнча, кыргызда Камбар деген хан болуп, ал аң уулап жүргөн кезинде эки талдын ортосунда жиптей ичке нерсенин тартылып калганын, желге урунган сайын жагымдуу дабыш чыгып жатканын көрөт. Ошондон кийин Камбар малдын ичегисинен кыл, жыгачтан комуз жасап күү чертет. Мындан улам "Күүнүн башы Камбаркан" деп айтылып калган.

Кийинки суроо


Камбаркан деген сүйгөн кызына жетпей калган жигиттин тагдыры
Аны чыгарган күүчүгө хандар байге берип турушкан
Комузду биринчи ойлоп тапкан тунгуч күү чыгарган кишинин аты Камбар

Сүрөттөгү залкар комузчу түгөйлөрдү тааныйсызбы?

Белгилүү комузчулар Чалагыз Исабаев менен Самара Токтакунова 25 жыл бирге өмүр сүрүшкөн. Ырчы Актан Исабаев жана Аслан аттуу уулдары бар. 1991-жылы Ч.Исабаев жол кырсыгына кабылып, көз жумган.

Кийинки суроо


Чалагыз Исабаев, Самара Токтакунова
Азат Дөөткулов, Сайра Момунбаева
Ашыралы Айталиев, Наиля Айталиева

Чалагыз Исабаев негиздеген этнографиялык-фольклордук ансамбль...

«Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли 1987-жылы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында уюшулган. Аны белгилүү комузчу, күүчү Чалагыз Исабаев негиздеген. 1997-жылы ансамблге анын ысымы берилген.

Кийинки суроо


"Камбаркан"
"Шаттык"
"Чолпон"

"Улуу Тоолор", "Соң-Көл баяны", "Ата-Мурасы" күүлөрүнүн автору ким?

Аталган күүлөрдүн автору залкар комузчу Нурак Абдырахманов. Анын аткарган жана чыгарган күүлөрү Япония, Франция, АКШ, Чехия сыяктуу өлкөлөрдө дүйнө элдерине уктурулуп келген.

Кийинки суроо


Мураталы Күрөңкеев
Атай Огомбаев
Нурак Абдырахманов

"Кербездер" күү топтомунун башатын баштаган Т.Сатылгановдун сүргүндөн келгенден кийинки кербез күүсү...

Жети жыл Сибирь абагында тарткан азабынан Токтогул Сатылганов “Арман кербези” деген ыры менен коштолгон күүсүн чыгарган.

Кийинки суроо


"Жаш кербез"
"Арман кербези"
"Чоң кербез"

Жараткан күүлөрүн компьютердин жардамында көркөмдөп, ага клип тартуу менен айырмаланган музыкант, күүчү ким?

Асылбек Насирдинов жараткан күүлөрүн заманбап стилде көркөмдөп, жаштардын табитине ылайыктагандыгы менен айырмаланат. Уккан кулактан кетпеген "Улуу көч" күүсүнүн автору.

Кийинки суроо


Анара Эсенгулова
Асылбек Насирдинов
Рахат Көчөрбаев

Комузчу, күүчү Нурзат Орозалиеванын "Чын курандын жетиси" күүсү кайсы окуяга арналган?

Нурзат Орозалиева "Чын курандын жетиси" күүсүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяга арнап чыгарган.

Кийинки суроо


Ооган согушуна
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяга
"Үркүн" окуясына

Уламыштар боюнча, Кыргыз жоокери саадагынан тапкан акыркы жаасы менен душманды жеңген деп баяндалган күүнүн аталышын табыңыз...

Уламыш боюнча, казак менен кыргыздын чабуулунда казактар үстөмдүк кылат. Бир акылман кол башчыга келип, «Биз качып барсак айылдагыларга уят болобуз, саадагыңды кагып көрчү" дейт. Кол башчы саадакты каккылап жаанын бир жебесин таап, кууп келе жаткан казактын баатырын атат. Кийин бул уламышты Атай Огомбаев көркөмдөп күүгө салат.

Кийинки суроо


"Тынчтык"
"Чайкама"
"Саадат Какты"

"Маш ботой" күүсүн Америкада роялда ойногон Кыргыз пианистин билесизби?

2016-жылдын январь айында Америкада жашаган Кыргыз пианист Азамат Сыдыков "Маш ботой" күүсүн роялда ойногон. Үч мүнөттөн ашуун убакытты алган видео АКШнын ири шаарларында тартылган. Анда Азамат Сыдыков роялды ачык асман алдында ойногон.

Кийинки суроо


Бибигүл Искенова
Эмил Атагелдиев
Азамат Сыдыков

Чыңгыз ханга баласынын өлүмүн угузганда чертилген күүнү атаңыз...

Эл арасында Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучунун (Жучи) өлгөнүн күү менен Бука деген күүчү угузган деген кеп бар. Хан ачуу кабарды күүдөн түшүнүп, "Кет, Бука" деп буйрук бергенден улам күүнүн аталышы "Кет Бука" болуп калган.

Кийинки суроо


"Кара Өзгөй"
"Кет Бука"
"Ибарат"

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
30.09.2017. 18:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
26-09-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 19:52
Жынысы:
Белгисиз
-2
100 балл
30.09.2017. 19:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
741
Катталган:
26-06-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 06:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Гульча
0
60
30.09.2017. 20:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
12-10-2015
Соӊку аракети:
02-11-2017 23:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
94 балл
30.09.2017. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
18-04-2017
Соӊку аракети:
19-07-2018 10:43
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл
30.09.2017. 21:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-08-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 19:39
Жынысы:
Белгисиз
0
67
01.10.2017. 02:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
25-11-2016
Соӊку аракети:
29-10-2017 19:13
Жынысы:
Белгисиз
0
67
01.10.2017. 06:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
331
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 07:09
Жынысы:
Белгисиз
0
60
01.10.2017. 08:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
12-11-2018 21:24
Жынысы:
Белгисиз
0
80 балл
01.10.2017. 10:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
24-12-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 06:38
Жынысы:
Белгисиз
0
67
01.10.2017. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
12-05-2017
Соӊку аракети:
02-03-2018 10:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+1
74 болду
01.10.2017. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
04-09-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
0
87
01.10.2017. 13:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
05-05-2018 18:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле кызыгып тесттен отом. жыйынтыка келгенде кайра башына келип калат Канча тесттен оттум баарынан ушундай болуп калат. Мен деле эл катары мактангым келет 90 100деп
01.10.2017. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
14-04-2018 00:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
80 упай
01.10.2017. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
08-07-2017
Соӊку аракети:
13-11-2018 15:48
Жынысы:
Белгисиз
0
67
01.10.2017. 15:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
152
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
06-11-2018 21:57
Жынысы:
Белгисиз
0
60
01.10.2017. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
10-09-2017
Соӊку аракети:
07-05-2018 23:44
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай
02.10.2017. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
19-07-2014
Соӊку аракети:
11-11-2018 02:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
54
12.10.2017. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
10-10-2017
Соӊку аракети:
22-05-2018 17:20
Жынысы:
Белгисиз
0
87
23.10.2017. 16:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
04-11-2018 23:54
Жынысы:
Белгисиз
0
74
23.11.2017. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 01:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
0
74
03.04.2018. 21:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
06-05-2008
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Izmir шаары
0
1kata 14tuura
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: