Ат-Башы районундагы жол-тейлөө ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Ат-Башы районундагы жол-тейлөө ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ат-Башы районундагы №20-жол-тейлөө ишканасынын кызмат адамдары 2015-жылдан 2017-жылга чейин эмгек китептерине жалган маалыматтарды жазып, айлыгына кошумча акча чегерип келишкен.

"Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, мамлекетке келтирилген чыгым 86 миң 910 сомду түзгөн. Бул факт боюнча Ат-Башы райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, топтолгон материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Башкы көзөмөл органдын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yasmina_kg
2017-09-30 12:03:09
Балык башынан деп койчу беле Баш жагы жеп жатса булар да кунун корот да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан