super.kg logo

Бишкек Сооронбай Жээнбековду тандайт!

 

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Октябрь, Биринчи Май, Свердлов райондорунун жашоочулары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга мамлекетте жана Бишкек шаарындагы көйгөйлөрдүн баарын чечүүнүн жөнөкөй жана түшүнүктүү жолдору жазылган «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасын сунуштады. «Эми бизде реформаларды улантуу үчүн бекем пайдубалыбыз бар. Алдыбызда олуттуу жана маанилүү өзгөрүүлөр күтүп турат. Анын ичинде - Бишкек шаары менен бишкектиктердин жашоо-турмушунда да. Биринчи кезекте – чакан жана орто бизнести колдоого алабыз. Өнөр жайга колдоо көрсөтөбүз. Жолдорду курууну улантабыз. Эми стратегиялык трассаларды гана эмес, ички жолдорду да калыбына келтирип, оңдоп-түздөгөнгө мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Анын ичинде Бишкектин борбордук көчөлөрү гана эмес, жаңы конуштардын, кичи райондордун ички көчөлөрү да оңдоп-түздөлүп, тартипке келтирилет. Биз Бишкектин мэринин шаардык инфраструктураны: мектептерди, ооруканаларды, коомдук транспортту, электр түйүндөрүн өнүктүрүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу боюнча иш-аракеттерин колдоого алабыз», - деп белгиледи талапкер.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков шаардыктарды Карылар күнү менен куттуктап, ал үчүн эң маанилүү маселелердин бири - айлык акыны жана пенсияны көбөйтүп туруу экенин белгиледи. «Мен пенсияны эки эсе көбөйтөм. Биздин пенсионерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык аракетимди көрөм», - деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбековду бишкектиктер бүт жерде кубаттоо менен тосуп алышып, ал жөнүндө жылуу сөздөрүн аяшпады. Шаардык интеллигенциянын өкүлдөрү, врачтар, мугалимдер, спортчулар, диаспоралардын өкүлдөрү жана жөнөкөй жумушчулар – бардыгы талапкерге колдоо көрсөтүшүп, реалдуу нерселер жасалган системага ишене тургандарын билдиришти. «Биз Сооронбай Жээнбековго ишенебиз! Ал куру убадаларды бербейт, убада кылса - аны аткарат. Ушунча жылдан бери ал тажрыйба жана билим топтоп, өзүн олуттуу жана туруктуу саясатчы, сабаттуу адис катары көрсөтө алды. Премьер-министрдин кызматында анын өкмөтү бардык тармак боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Муну менен ал элдин ыраазычылыгына жана президент менен парламент тарабынан жакшы баага татыды. Биз бүгүнкү күндө бул маанилүү кызматка Сооронбай Жээнбековдон башка татыктуу талапкер көрбөй жатабыз», - деп белгилешти бишкектиктер.

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 02.10.2017-ж.

кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: