“Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы улуттук деңгээлдеги тасма тартылган эмес. Мына алгачкы жолу “Курманжан датка” көркөм тасмасы тартылып жатат. Бирок ага карабастан, мыкты режиссёрлорубуз бар кезде кыргыз киносу өнүгөт деп ишенем. Учурдагы “Кыргызфильм” киностудиясы заманбап талаптарга жооп бербейт. Алардын техникаларын жакшыртуу керек”. Бул сөздү ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 28-майдагы көчмө жыйынында аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев айтты. Иш-чара "Кыргызфильм" киностудиясында өтүүдө. Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 38 мамлекеттик, 12 жеке менчик кинотеатр бар.