реклама
super.kg logo

Ата салты: Казанга эң алгач кар жилик салынат. Эмне үчүн аталган жиликти душмандан коргойт дешет?

 

Кар жилик койдун алдыңкы бутунун тизеден күң жиликке чейинки бөлүгү. Кар жилик эт тартууда сыйлуу жиликтердин катарына кирет. Койдун башка жиликтеринен айырмаланып кар жиликке байланыштуу көптөгөн ырым-жырымдар, атадан калган үрп-адаттар бар. Алардын бири катары казанга эт салууда эң алгач кар жиликтин салынышы. Аны өз көзүбүз менен көрүп жүрөбүз, бирок кар жиликтин эмне себептен казанга биринчи салынарын көпчүлүк биле бербесе керек.

Айрымдар аны кой суу ичкенде кар жилик биринчи сууга түшкөнү менен түшүндүрүшсө, айрымдар кар жилик улуу болгондуктан казанга биринчи салынат дешет.

Филолог Сыртбай Мусаев кар жиликтин казанга биринчи салынышын төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

"Кыргыз эли башынан адамдар ортосундагы мамилени жакшыртууга өзгөчө маани берип келишкен. Үйүнө келген конокту сыйлап, урматтап, тамак берген. Кээ бири бата тилеп, кой союшкан. Мына ошол кой союлуп, этин казанга салуу да өзүнчө үрп-адаттар менен коштолот. Казанга суу куюлган соң адегенде кар жилик салынат. Биринчиден, улуу жилик катары эсептелет. Экинчиден, кар жилик "адамдарды сактайт" деген ишеним бар. Кыргыздар кар жиликти таза мүлжүп, чакпай алыс жакка ыргытып, "Менчилеп жылкы кайтарып, элди сактап жүр" дешкен", - деди Мусаев.

Элдик ишеним боюнча, кар жилик үйдү, малды душмандардан, ууру-бөрүлөрдөн коргогон. Аны жигиттин жилиги дешип, жатарда кар жиликти боз үйдүн керегесине кыстарып "бүгүн сен жылкы кайтар, короо кайтар" деп айтышкан. Эгерде алыс жолго чыкса куржунга кар жиликти салып, кырк жигит коштойт деп эсептешкен. Кар жиликти коркунуч келе турган учурда пайдаланышкан. Душманды алсыратып, анын тукумунан даражалуу адам чыкпасын дешип эки жиликти бир жерге кагышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(22)
05.10.2017. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1902
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
24-02-2021 20:13
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ширк
05.10.2017. 16:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+31
kechirmeni, жакшыбы жаманбы, туура же туура эмеспи, кандай болгондо да бул биздин кылымдар карыткан каада-салттын бир кичине болугу.

Бул ата-бабаларыбыздын ишеними, ага сени ишен деп мажбурлаган эч ким жок. Бирок тушунуу, сый менен мамиле кылуу керек... Ата-бабаларыбыз исламды кабыл алганына болгону 3-4 кылым болду. Ага чейинки миндеген жылдар тарыхычы?!! Оз ата-бабанды жээрип, арабдардын этегин кармаганын жакшыбы?!! Динди салтка каршы койгонду токтоткула, чала молдо бузар болбой!
Patriot7 түзөттү 2017-10-05 16:25:27
05.10.2017. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1019
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
24-02-2021 21:48
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ширктин бир туру
05.10.2017. 17:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
11-04-2014
Соӊку аракети:
24-02-2021 17:47
Жынысы:
Белгисиз
+9
Tyty1990,Ширк болсо сен ата бабаңдын салттарынан кечип сал.
05.10.2017. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1019
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
24-02-2021 21:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Ernisbii,кой аллахтын жараткан макулуктарынын бири . Анын кар жилигин биринчи саласынбы акыры саласынбы эч кандай эч нерседен сактабайт. Ал жон эле койдун бир болугу кантип душмандан сактайт?
Tyty1990 түзөттү 2017-10-05 17:21:49
05.10.2017. 17:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
18-07-2013
Соӊку аракети:
24-02-2021 11:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990, Сактайт дебейле, ошентип эсептешкен деп жатат. Демек, мурун динден кабары жок убакта эсептелген. Анан ал кылым карытып, салтка айланып калбадыбы. Чымындан Пил жасай бербегилечи.
06.10.2017. 00:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Tyty1990,силер деле сакалда периштелер ойнойт деп жатпайсынарбы эч кандай ойнобойт эч ким коргон эмес
06.10.2017. 00:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tyty1990,арабдын салты сенин ата бабандын салтынан да ыйыкпы
05.10.2017. 17:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
983
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
14-02-2021 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+13
Урматтуу Супер-инфо!Ушул тема боюнча дагы тест тузуп койсонор жакшы болот эле.Жиликтоо,устукандоо,уча боюнча.Кобуно кызык болсо керек деп ойлойм.Рахмат.
05.10.2017. 17:44 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4723
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
24-02-2021 23:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+7
ekaterinburg, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
05.10.2017. 18:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
08-10-2020 14:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кар жилик сыйлуу эмес,каалабаганга кар жилик дейт
05.10.2017. 18:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-10-2015
Соӊку аракети:
23-03-2020 14:40
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кар жилик козу туулуп жатканда жиликтерден биринчи сыртка чыгат ошон үчүн биринчи казанга салынат деп уккам.
05.10.2017. 19:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
397
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
09-12-2019 18:20
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сактасын.. салт болсо болгондур кааласан карма каалабасан кармаба..ата бабам салтындан айланайын Кыргыз калкым..
06.10.2017. 07:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1528
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
24-02-2021 20:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
0
Ичке жагынан ийне жасашчу тешкенге мисалы:тери тешкенге керектуу озуно буюм жасаганга жана ийне жоголуп кетет дегендей сактап коюшчу
06.10.2017. 11:43 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4723
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
24-02-2021 23:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
makkss25, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
16.02.2021. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
02-06-2017
Соӊку аракети:
24-02-2021 22:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ширк десе салт деп чычалайсынар.
"Кар жилик сен кой кайтар" дегени эмне анда карангылыкпы!?
Эми сөөккө ишенгиле анда..
16.02.2021. 20:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
07-03-2014
Соӊку аракети:
24-02-2021 16:44
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кар жиликти чегарага илгиле анда?
17.02.2021. 00:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
23-02-2021 19:38
Жынысы:
Белгисиз
+1
bratanyn,:)))))
16.02.2021. 20:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
173
Катталган:
08-03-2015
Соӊку аракети:
25-02-2021 00:24
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тенирчилерге Кудай бериптир да, салт менен динди аралаштырып аталасын чыгарыпсынар го.. Ислам динин тутунган адам арабтардын салтын колдонот деп дедский сад боло бербегилечи...
16.02.2021. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
29-10-2020
Соӊку аракети:
24-02-2021 22:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келгиле салты да эске алалы эгерде антпесек Ата бабаларды урдум дегенге жакын болуп калат ко.Азыркы тиги дуйнону коргондор суйлоп жаткандар биздин Ата бабалар коргонду кылганды кыла элек.
16.02.2021. 22:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
738
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
24-02-2021 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандайча кар жилик улуу?! Жото жилик улуу эмеспи кар жиликке караганда...
17.02.2021. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
365
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
24-02-2021 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир адам бар эле ушул нерсеге катуу ишенчи короо сарайларына үйүнө илип алган малды уурулардан коргойт мал көбөйөт деп ишенчү кийин малдары өзүнөн өзү жок болуп өлүп жок болгон. Бул сөөктөр эч кандай пайда алып келбейт жанакы талга чүпүрөк байлап сыйынышат ко ошондой эле деп илген сөөктөрүн баарын ыргыткан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
161899;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: